Талас мамлекеттик университетинде корей тилин окутуу курсунун борбору ачылды.

Талас мамлекеттик университетинде корей тилин окутуу курсунун борбору ачылды. ТалМУ ноябрь айында Кыргыз тили жана маданият институту менен кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол койгон. Келишимге ылайык ТалМУнун базасында акысыз корей тилин окутуу боюнча атайын курс ачылып, аталган институттан корей тилин окутуу үчүн Пак Джи Хён (Акылай) келген. Корей тилин үйрөнүүнү каалаган студенттер жана ошондой эле Талас шаарынын окуучулары окуп башташты. Корей тилин окутуу борборунун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бактыбек Чойбеков, Сокулуктагы Седжон институтунун базасында түзүлгөн Кыргыз тил жана маданият институтунун директору Соң Квон Сук айым, окуу жайдын окуу иштери боюнча башчысы Е Ук Джин жана Федорова Ольга катышышты. Аземдин ачылышын ТалМУнун ректору Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович ачып, биздин студенттерге эң жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө токтолду. Студенттер корей тилин өздөштүрүп Кореяга магистратурага тапшырууга мүмкүнчүлүк алууга шарт түзүлгөндүгүн айтты. Студенттер корей тилин үйрөнүү жана Корея окуу жайлары жөнүндө кенен маалымат алышты. Алар презентациялар менен таанышуу менен бирге кызыккан суроолорго жооп алышты.

Прокрутить вверх