«Жооптуу бол!» акциясы ТалМУда.

«Жооптуу бол!» акциясы ТалМУда. Талас шаарынын мэриясы Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борбору менен биргеликте февраль айында баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде эркектер арасында жугуштуу эмес ооруларды эрте аныктоо максатында “Жооптуу бол!” аталышта бир айлык акция жүрүп жатат. Аталган акциянын алкагында Талас мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар жамаатынын мырзалары активдүү катышышып, ден соолуктарын медициналык кароодон дагы бир жолу өткөрүп алышты. ТалМУнун жетекчилиги уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз!

Прокрутить вверх