21-февраль — Эл аралык эне тил күнү

21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө карата Талас мамлекеттик университетинин структуралык бөлүмдөрүндө (адабий-музыкалык кече, кереге кеңеш, талкуулар) “Тил-улуттун уңгусу”, “Эне тили- эл жүрөгү”, “Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун”, “Ким сыйласа өз энесин, өз тилин, барктай билет дүйнө элинин көп тилин “ аттуу темаларда салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү.

Иш-чараларга ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Жунусалиева Кундуз Тотоновна , факультеттин декандары: Абдиева Жылдыз Канатбековна, Курманалиева Айнура Өзүбековна, Койчуманов Замир Турарбекович, КОБББнын директору Ажибаева Айнура Жакшымбековна, “Бектур агай “ атындагы маалыматтык-технологиялар лицейинин директору Бутешова Аида , окуу жайдын көркөм маданий борборунун башчысы Эсенаманов Усеин Отуналиевич жана профессордук- окутуучулар жамааттары катышышып, алгач эне тилди терең өздөштүрүү менен бир катар тилдерди да билүү заман талабы экендигине күбө болушуп, “Канча тил билсең, ошончо дил билесиң” дегендей, ар бир элдин маданияты, тарыхы менен таанышышты. Эне тили тууралуу суроо-жооп иретинде талкуулар жүргүзүлүп, ырлар көркөм окулуп, ар бир улуттун жүзүн чагылдырган каада-салты көргөзүлүп, музыкалык ырлары,бийлери аткарылып , иш- чара максатына жетти.

Улуттар аралык ынтымак, дайыма ийгиликке жол ачаарын жана өткөн жылдын 17- июлунда кабыл алынган мамлекеттик тил мыйзамынын айрым беренелери тууралуу маалымат берүү менен , өз тилибизди сүйүп, баалап, иш кагаздарыбызды мамлекеттик тилде жүргүзөлү деп жыйынтыктады, мамлекеттик тил проректору К.Т.Жунусалиева.

12-16.02.2024-ж.

Прокрутить вверх