21-февралда Ата Мекенди коргоо күнү

21-февралда Ата Мекенди коргоо күнүнө карата ТалМУда “Эр намысы-эл намысы” аттуу маданий иш-чара болуп өттү. Алгач сөздү ТалМУнун мамлекеттик тил проректору К. Т. Жунусалиева университеттеги айымдардын атынан жалпы мырзаларды куттуктап, Мекенди коргоо ар бир жарандын парзы, демек биз көздүн карегиндей сактап элибизге,жерибизге кызмат кылуубуз керек, ошондуктан өлкөбүздө тынчтык, биримдик, туруктуулук орноп, бейкутчулукта жашап, окуу жайыбызда ийгиликтер жарала берсен деген тилегин билгизди. ТалМУнун ректору Ж.С. Шаршембиев жана Кесиптик кошундун төрагасы Э.А.Абдыраимов жалпы мырзаларды куттукташып,окутуучуларга эмгектеги жетишкен ийгиликтери үчүн сыйлыктарды тапшырышты. Кечеде ТалМУнун алдындагы айымдардан түзүлгөн “Жибек чач” тобу мырзалардын маанайын көтөрүп, арноо ырларын окушуп,патриоттук маанайдагы ырларды аткарышып, көңүлдөрүн көкөлөттү.

Прокрутить вверх