8- март Аялдардын эл аралык күнү

Асылзат айымдар,

Майрамыныздар менен!

Сиздер бар дүйнөдө өмүр бар,

Сиздер бар жер үстүндө сүйүү бар,

Балдарыбызда бакыт бар,

Ар дайым жүзүнүздөрдө бакыт нуру жанып,

Ар бир күнүнүздөр гүлгө оронсун!

6-мартта Талас мамлекеттик университетинде 8- март Аялдардын эл аралык күнүнө карата “Аял өмүр,аял дүйнө,аял кут” аталышында маданий иш-чара болуп өттү. ТалМУнун ректору Ж.С. Шаршембиев жалпы айымдарды 8-март майрамы менен мырзалардын атынан куттуктады. Андан соң окуу жайдын окуу жана илимий иштер боюнча проректору А.К. Сурапов, Кесиптик кошундун төрагасы Э. А. Абдырайымов куттукташып, ТалМУнун Ардак грамоталары, белектери менен сыйлашты. Кечеде мырзалардын демилгеси менен даярдалган концерттик программа айымдардын маанайын көтөрүп, көңүлүн көкөлөттү. Аялзаты, сүйүү тууралуу ырлар көркөм окулуп, музыкалык ырлар жаңырып, күүлөр чертилди. Жалпы айымдарга кесиптик кошундун атынан гүл белекке берилди.

Жакшынакай, ак пейилдүү эжелер,

Куттуу болсун 8-Мартыңар,

Жакшы тилек, ойлоруңар ишке ашып,

Көңүлдөрдө эч болбосун капалык!

Прокрутить вверх