Түрк тилин үйрөнүү курсунун катышуучулары курсту ийгиликтүү аякташты

Талас мамлекеттик университетинин алдында түрк тилин үйрөтүү борбору ачылгандан бери көптөгөн окутуучулар жана студенттер билим алышууда. Борбордо университеттин окутуучулары жана студенттери билим алышат. Түрк тилин үйрөнүү курсунун катышуучулары курсту ийгиликтүү аякташып, сертификаттарга ээ болушту. Аларды курсту ийгиликтүү бүткөндүгүн куттуктоо менен бирге мындан аркы баскычтарына ийгиликтүү жетишүүсүн каалап Талас мамлекеттик университетинин окуу жана илимий иштер боюнча проректору Сурапов Анаркүл Кудайбердиевич жана түрк тилин окутуу борборунун окутуучусу Юсуф Уней сертификаттарды тапшырды.

Прокрутить вверх