Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдык

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдык мааракесине карата Технология-экономикалык факультетинин экономика жана менеджмент кафедрасы студенттер арасында «Каржы чеберчилигине — 100 жыл» аталышында брейн-ринг акыл таймашын уюштурушту. Аталган иш-чарага ТалМУнун окуу жана илимий иштер боюнча проректору т.и.к.,доцент А.К. Сурапов, ТалМУнун сапат бөлүмүнүн адиси п.и.к, доцент М.М.Шайланова, факультеттин деканы п.и.к.,доцент А.О.Курманалиева жана Талас облусунун финансы башкармалыгынын финансы бюджеттик координация бөлүмүнүн адистери К.Д.Туркманова катышышты. Брейн-рингге аталган факультеттен 4 команда: “Финансисттер”, “Финлидер”, “Инсайдер”, Финансылык виртиуоздор” катышышты. Брейн ринг 3 раунддан туруп, 2 раунд Kahoot программасы менен 1 раунд жазуу түрүндө ойнотулду. Жыйынтыгында, женүүчүлөр аныкталып, командаларга грамоталар, катышуучуларга белектер тапшырылды. Ошондой эле Талас облусунун финансы башкармалыгынын атынан факультетке, кафедрага Ыраазычылык кат жана белектер тапшырылды. Билим берүүдө, кадрларды даярдоодо жана каржы тармагында ар тараптуу кызматташууга кошкон салымы үчүн К.Д. Түркманова факультеттин Ыраазычылык каты менен сыйланды. Жыйынтыгында , окуу жайдын проректору А.К. Сурапов брейн- ринг акыл таймашы жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирди

Прокрутить вверх