Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмү менен биргеликте

Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмү менен биргеликте ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинин ТТП кафедрасынын башчысы Ч.Т.Раеванын жетектөөсүндө студенттер IT багыты боюнча кесипке багыт берүү үчүн Талас шаарындагы # 5 орто мектебинин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары менен жолугушту. Алгач калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы К.Р. Аманова облуста IT багытындагы кесипти даярдаган ТалМУнун атайын бүтүрүүчү кафедрасы бар экенин тааныштырып, студенттерине сөз берди. ТЭФтин ИСТ багытында окуган 2-4-курстарынын студенттери жолугушууда IT багыты боюнча окуудагы ийгиликтерин, стартап долбоорлору менен конкурстарга катышкан ийгиликтерин, азыркы учурда долбоорлордун үстүндө дагы иштеп жаткандары, университетте мобилдүүлүк, IT багытында курстардын жана бир нече тил үйрөнүү акысыз окулаары жөнүндө кенен токтолуп айтып беришти. Ошондой эле азыркы учурдун талабы болгон IT адистигинин багыттарында колдонуп жаткан программалар боюнча кенен токтолуп бөлүшүштү. Аягында студенттер окуучулардын кызыккан суроолоруна жооп беришти. Кафедра башчысы Ч.Т. Раева окуучуларды ТалМУга окууга келүүгө багыт берүү менен, университет боюнча кенен маалымат берип, окуучуларга ийгилик каалады.

Прокрутить вверх