Нооруз майрамыныздар кут болсун!

Нооруз майрамына карата Талас мамлекеттик университетинде “ Бар бол, Нооруз! “ аталышта маданий иш-чара болуп өттү .

Майрамдын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк “ жөнүндө Жарлыгын ишке ашырууда улуттук каада-салттарыбызды жайылтып, даңазалоо максатында улуттук оюндар ойнотулуп, улуттук кийимдердин конкурсу уюштурулуп, профессордук-окутуучулардын демилгеси менен сүмөлөк кайнатылып, жалпыга таркатылды.

Конкурстун жыйынтыктары чыгарылып, калыстар жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер менен сыйлашты.

Маанайды көтөргөн маданий программа жалпынын жарпын жазып, көңүлүн көкөлөттү.

Ушул кубанычтуу майрамда ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин, бир туугандыктын сезими согуп турсун. Ушул ыйык күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин.!

Ынтымакчылыктын, бекем достуктун, экономикалык өсүп-өнүгүүнүн, ийгиликтердин, тынчтыктын жылы болсун!

Бар бол , Нооруз!

Прокрутить вверх