7-апрель элдик революциянын 14 жылдыгы

7-апрель элдик революциянын 14 жылдыгына карата Талас мамлекеттик университетинде

“Апрель элдик революциясы : себептери, сабактары жана тарыхый мааниси” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Алгач конференцияны ТалМУнун ректору Ж.С.Шаршембиев ачып, бүгүнкү күндүн тарыхына кыскача токтолуу менен конференциянын ишине ийгилик каалап, сөздү КРнын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Э.Сейдикеримовага берди. Ал Апрель революциясынын баатырларына, курман болгон балдардын ата-энелерин, жалпы катышуучуларга таазим этүү менен тарыхый күнгө кайрылып , омоктуу оюн айтты.

Талас облусунун Ардагерлер кеңешинин төрагасы М. Мамбеталиев , Апрель элдик революциясынын баатыры Ф.А. Ашыралиев тарыхый күндүн таржымалы, маани-маңызы тууралуу таасирдүү баяндама жасашты.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фондунун башкармалыгынын төрагасы, т.и.к, Кыргызстандын маданиятына эмгек синирген ишмер К. С.Молдокасымов, И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика жана гуманитардык билимдер кафедрасынын башчысы, т.и.д Г.К.Абдалиева, С.Наматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы, т. и. к, Г. Ө. Эсеналиевалардын видео куттуктоолорун билдирди.

“Баатырларга таазим” коомдук бирикмесинин төрайымы К.К. Таштакеева конференцияны уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип. иштерине ийгилик каалады.

Конференцияны тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысы, т.и.к, М.М. Жусупова жана жалпы кафедранын жамааты жогорку деңгээлде уюштурушту.

Бул күн кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыккан тарыхый күн катары жүрөгүбүздө сакталат.

Прокрутить вверх