Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору

“Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аттуу республикалык ЖОЖдор аралык сынактын Жобосуна ылайык Талас Мамлекеттик Университетинин окутуучусу Н. Ж. Алтыкеева “Фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери”деген темада ачык сабак өттү.

Тайпаны төмөнкүдөй “Жазуучулар», «Сүрөтчүлөр», «Иликтөөчүлөр» топторго бөлүү менен сабактын максатын түшүндүрүп:

а) студенттерди фразеологизмдерди кепте туура колдонууга уйротуу;

б) фразеологизмдердин муноздуу белгилери менен тааныштыруу;

в) макал-лакаптар менен окшоштугун жана айырмачылыгын аныктоо максатында тайпа менен активдүү иш алып барды.

Конкурска ТалМУнун алдындагы КОБББнын окутуучусу А. Исаева да катышып, “Неологизмдер” деген темада ачык сабак өттү. Сабакты өтүүнүн инновациялык ыкмаларын колдонуу менен өтүлгөн сабактар өз максатына жетти.

Конкурска катышкан окутуучуларыбызга ыраазычылык билдирип, ийгилик каалайбыз!

Прокрутить вверх