Кара-Кыргыз Автономия облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл

2024-жылдын 18-апрелинде Талас мамлекеттик университетинде Кара-Кыргыз Автономия облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80жылдыгына карата гуманитардык факультетинин тарых жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан жана кафедра башчысы М.М.Жусупованын жетекчилиги менен факультеттер аралык «Брейн-ринг» акыл-таймаш оюну өткөрүлдү.Конкурстун катышуучулары Кара-Кыргыз Автономия облусу, Талас шаары, тарыхый инсандар, архитектуралык эстеликтер деген аталыштагы категорияларды тандап алып, түзүлгөн тест боюнча суроолорго жооп беришти.Таймашка табият таануу жана педагогика факультетинен «Айкөл Манас», технология-экономика факультетинен «Ата журт», гуманитардык факультетинен «Эркин Кыргызстан», «Кыргыз каганаты» командалары катышышты. Жеңишке гуманитардык факультетинин «Кыргыз каганаты» командасы жетишти. 2-орунга технология экономика факультетинин «Ата журт» командасы ээ болду.3-орун гуманитардык факультетинин » Эркин Кыргызстан» командасына ыйгарылды.Бардык командалар активдүүлүк менен катышып, ынтымакта, биримдикте болушту.Таймашта Талас мамлекеттик университетинин ректору Жыргалбек Сабырбекович, окуу жана илимий иштер боюнча проректору Анаркул Кудайбердиевич «Брейн-рингдин» уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, таймаштын катышуучуларына мындан да жакшы ийгиликтерди каалап, кийинки «Брейн-ринг» таймашынын эстафетасын табият таануу жана педагогика факультетинде уланышын сунушташты

Прокрутить вверх