18-апрель 2024-жыл.Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин «Орус тил» борборунда…

18-апрель 2024-жыл.Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин «Орус тил» борборунда Россия Федерациясынын Президентинин чет өлкөлөр менен аймактар жана маданий байланыштар боюнча администрациясынын башчысы И.В.Маслов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Э.Сейдикеримова, Россия кызматташтыгынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси А.Ф.Зульхарнеев, Талас облусундагы «Альянс Алтын» ЖЧКсынын өкүлү Н.О.Садырбаев, Россия Федерациясынын «АБ Энерго»ЖЧКсынын негиздөөчүсү Н.В.Коробовский, Талас мамлекеттик университетинин ректору Ж.С.Шаршембиев, Талас облусундагы мектеп, лицей, гимназиянын орус тили жана адабияты мугалимдери жана башка чакырылган коноктор болушту.Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин орус тили жана адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулар жамааты 2021-жылдын декабрынан баштап, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барып келет. 2023-жылы күзүндө ТалМУда Орус тил борбору ачылган. Анын негизги максаты -Талас облусундагы билим берүү мекемелери менен өз ара биримдикте кызматташуу, мугалимдердин билимин жогорулатуучу курстарды уюштуруу, мастер-класстарды уюштуруу жана өтүү ж.б.

Бүгүн да кубанычтуу күн болду, ТалМУнун Орус тил борбору компьютердик техникалар менен толукталды (20 даана ноутбук). Ошону менен бирге «Пушкиндин тили Чынгыз Айтматовдун мекенинде» деген темада 11-класстын, 9-класстын окуучулары үчүн жана мектеп, лицей, гимназиянын орус тили жана адабияты сабагынын мугалимдери үчүн конкурс жарыяланып, аларга берилүүчү сыйлыктардын Сертификаттары КРнын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Эсиркеповнага РФнын Президентинин чет өлкөлөр менен аймактар жана маданий байланыштар боюнча администрациянын башчысы И.В.Маслов тарабынан тапшырылды.

Талас мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор

Ж. С.Шаршембиев РФнын Президентинин администрациясынан келген өкүлдөргө, КРдагы Россия кызматташтыгынын жетекчисине ыраазычылык билдирүү менен андан аркы кызматташуунун концепциясын тапшырды.Иштин соңунда орус тили жана адабияты кафедрасы тарабынан даярдалган кыска маданий программа тартууланды.

Прокрутить вверх