Талас мамлекеттик университетинде Талас шаарынын 80 жылдыгына карата “Илимге карай жол: жаштар жана инновациялар” аттуу XXI студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү

Бүгүн 2024-жылдын 19-апрелинде Талас мамлекеттик университетинде Талас шаарынын 80 жылдыгына карата “Илимге карай жол:жаштар жана инновациялар” аттуу XXI студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Жалпы конференцияга республикабыздагы

ЖОЖдордун жана окуу жайдын 150дөй студенттери илимий макала менен катышышты.

Конференцияны ТалМУнун ректору тех. и.д,

Ж. С. Шаршембиев ачып, куттуктап, жалпы катышуучуларга ийгилик каалады.

Пленардык отурумда Абдылдабеков Б (И-22) “Талас өрөөнүндөгү тарыхый эстеликтердин туризмге тийгизген таасири”, Үсөнбекова К (Б-22), “Земледелие и зеленые решения”, Кеңешбекова А (ИСТ-23) “Жасалма интеллекти колдонуу менен презентация жасоо” деген темаларда илимий доклад окушуп, жасаган макеттерин презентациялашты.

9 секция иштеп, студенттер учурдун актуалдуу делген темалары боюнча презентацияларды жасап, күрдөлдүү иштешип, ар бир секциядан эң мыкты макалаларды тандашып,жеңүүчүлөрдү сунушташты.

Жеңүүчүлөргө ТалМУнун дипломдору тапшырылды.

Жыйынтыгында, конференциянын резолюциясы окулуп, сунуштар кабыл алынды.

Прокрутить вверх