КР эл мугалими Бектур Исаков атындагы окуу-тарбия комплекси
КР эл мугалими Бектур Исаков атындагы окуу-тарбия комплекси

КР эл мугалими Бектур Исаков атындагы окуу-тарбия комплексинин директору Бутешова Аида Малабековна
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 7-августундагы №1016/1 буйругунун, ТалМУнун ректорунун 2018-жылдын 22-февралындагы буйругунун жана ТалМУ окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде уюштурулган.

2021-жылдын 15-сентябрында лицейдин ачылыш аземине администрация толугу менен катышып, алгач сөздү ТалМУнун ректору Айбек Шерипбекович балдарга ак жол каалап, келечекте мыкты программисттердин тобу мамлекетибизге салымын кошуп, мыкты адистер чыгаарына ишенээрин белгилеп өттү. Ар бир сөзгө чыккан жетекчилер окуучуларга жакшы тилектерин билдиришти.





Талас мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешинин 2025-жылдын 26-февраль айынындагы №6 протоколдун негизинде уюштуруу башкаруу түзүмүнүн өзгөргөнүнө байланыштуу ТалМУнун алдындагы Маалыматтык технологиялар багытындагы <<Бектур агай>> лицейи, КР эл мугалими Бектур Исаков атындагы окуу-тарбия комплекси болуп өзгөрүлдү.
Материалдык-техникалык базасы
Институттун алдындагы Бектур Исаков атындагы окуу-тарбия комплекси Талас шаарынын Мырзалиев көчөсүндө, ТалМУнун №3 окуу корпусунда жайгашкан. Аталган окуу-тарбия комплексинде , 1 компьютердик класс ,1 усулкана жана 4 окуу классы бар. Окуу класстары жыл сайын окуучулардын санына жараша көбөйүшү ыктымал. Лицейдин ичинде, коридордо жана корпустун тышында атайын видеобайкоо 24 саат иштейт.
Окуу усулдук иштери
Окуу планы КР Билим берүү жана илим министрлигинин базистик окуу планынын негизинде жана жекече иштелип
чыккан, тереңдетип окутууда ылайыкташтырылган окуу пландары жана программалар
менен жүргүзүлөт.
Кадрлар менен камсызданды
КР эл мугалими Бектур Исаков атындагы окуу-тарбия комплексинде жогорку квалификациялык окутуучулар иш алып барышат. директор, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, жана мугалимдер эмгектенишет. Мугалимдер өз кесибинин устаты.
Лицейдин мугалимдер жамаатында университеттин алдыңкы мугалимдери сабак беришет: Алгебра – Абдыраимов Э, Касымбекова Д , Физика – Норзалиева Г. Химия – Бешкемпирова В, Жекшеналиева Ж. География – Козубекова А. Жалпысынан лицейдин жетекчилигин кошкондо 16 мугалим эмгектенет.
Усулдук бирикмелер түзүлүп, алардын жетекчилери төмөндөгүдөй дайындалды:
•Гуманитардык( кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили) багыты боюнча жетекчиси Секимова М.А
• Маалыматтык технологиялар( математика, информатика) багыты боюнча жетекчиси Касымбекова Д.А
•Табигый илимдер (биология, химия, физика) багыты боюнча жетекчиси – Козубекова А.Т