Баткен элине жардам

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан улам жабыр тарткан Баткен элине жардам берүү максатында ТалМУнун окутуучулары менен студенттери да гуманитардык жардам чогултушуп, Талас шаарынын мэриясынын алдында ачылган штабга тапшырып беришти. ТалМУда ачылган штабга окуу жайдын окутуучулары, кызматкерлери, студенттери колдорунан келгендерин алып келишип, бири акчалай, бири азык-түлүк түрүндө, бири кийим-кечек түрүндө чогултуп беришти. Элибиз аман, жерибиз бүтүн, Мекенибиз тынч болсун!

Прокрутить вверх