Талас мамлекеттик университетинин алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмү.


Тарыхы

КР ББИМ Талас регионунда орто кесиптик билим берүү  кадрларына болгон муктаждыкты канаттандыруу максатында  орто кесиптик билим берүү  ишмердигине лицензия алгандыгына байланыштуу ТалМУнун ректорунун 2009-жылдын 28-июлундагы № 62/1 буйругу менен түзүлгөн.

       КР ББИМнин 21-январь 2011-жылдагы № 40/1 буйругун ишке ашыруу үчүн жана ОК чечимине ылайык ТалМУнун ректорунун 28-февраль 2011-жылы № 18/6 буйругу менен бул Окуу мекемесине Уставын бекитүү менен юридикалык статус берилген. Буга байланыштуу окуу мекемесинин толук аталышы – Талас мамлекеттик университетинин астындагы Кесиптик орто билим берүү бөлүмү деген аталышка ээ болгон.

Талас мамлекеттик унивеситенин алдындагы Кесиптик орто билим берүү бөлүмү лицензиялык талапка жана окуу процессинин жүрүшүнүн шарттарына жооп берген профессионалдык адистерди даярдоодо билим берүү иш -аракеттерин жүргүзө алган окуу жайдын катарына кире алды. 

Кесиптик орто билим берүү бөлүмү 2009-2010-окуу жылына карата  төмөнкү адистиктер боюнча лицензия берилип, билим берүү иш- аракеттери  жүргүзүлгөн:

  • 0303 “Чет тили”
  • 1004 “Электр менен камсыздоо”
  • 0601 “Экономика жана бухгалтердик эсеп”
  • 2202 “Маалыматтарды иштеп чыгуу жана башкаруунун автоматташтырылган системалары”

Ал эми 2010-2011-окуу жылына карата үч адистик боюнча лицензия алууга жетишкен. Аларга:

  • 0313 “Мектепке чейинки билим берүү”
  • 1705 “Автоунааны техникалык тейлөө жана оңдоо”
  • 0201 “Укук таануу”

2011-2012-окуу жылында 0312 “Башталгыч класстарга билим берүү” адистиги ачылган.

2012-2013-окуу жылы “Китепкана таануу” адистиги, ал эми

2015- жылдан баштап “Дене тарбия“, “Технология”, “Социалдык педагогика” адистиктери даярдала баштайт.

 2018-2019-окуу жылынан баштап 230018 «Компьютердик системалар жана комплекстер», 130403 “Ачык тоо-кен иштери”, 0303 “Чет тили” адистиктери ачылган.

2023-2024-окуу жылына карата 230701 “Колдонмо информатика” адистигине лицензия алынды.

Кесиптик билим берүү бөлүмүндө окуу планы түзүлүп, анын  негизинде модулдук-рейтинг системасы менен студенттерге заманбап кесиптик компетенттүүлүккө ээ, атаандаштыкка жана ийгиликтүү карьералык өсүүгө жөндөмдүү адистерди даярдап,  негизги максат катары окуу процессин, илимди жана окутуунун инновациялык ыкмаларын эффективдүү интеграциялоонун негизинде коомдун заманбап талаптарына жооп берген адистерди даярдап чыгуу. Муну менен Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө интеллектуалдык борборлордун бирине айланууну келечектеги максат катары коюп, алдыңкы көрсөткүчтөргө умтуулунун үстүндө келе жатат.

Талас мамлекеттик университетинин алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүндо жалпы 86-окутуучу эмгектенет. Анын ичинен 2 профессор, 8 илимдеринин кандидаты, 5 магистр,  15 Билим берүүнүн мыктысы.

Колледжде бүгүнкү күндө 798 студент күндүзгү бөлүмүндө, 504 студент сырттан окуу бөлүмүндө студент билим алат.

Колледжде студенттердин окуудагы, коомдук жана турмуштук маселелерге көмөктөшүү максатында студенттик парламент түзүлгөн. Студенттик парламент  колледждин окуу жана маданий иштерде активдүү катышкан, колледждин жакшы окуган “мыкты” студенттеринен турат.

Колледжде студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында окутуучулар тарабынан окуу-усулдук колдонмолор иштелип чыккан.

Студенттерди окутууда заманбап технологияларды колдонуп, билим сапатын көтөрүү максатында учурда колледжде 65 компьютер, 4 лекциялык зал, 4 лаборатория, 31 аудитория (анын ичинен 4 компьютердик класс) бар.

Бүгүнкү күндө колледж студенттерге жеткиликтүү билим берүүгө ылайыкташылган 3 окуу корпусунан туруп, жалпы 4787,8 м2 аянтты түзөт.


Прокрутить вверх