2024-жылдын 18-апрелинде Талас мамлекеттик университетинде Кара-Кыргыз Автономия облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80жылдыгына карата гуманитардык факультетинин тарых жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан жана кафедра башчысы М.М.Жусупованын жетекчилиги менен факультеттер аралык “Брейн-ринг” акыл-таймаш оюну өткөрүлдү.Конкурстун катышуучулары Кара-Кыргыз Автономия облусу, Талас шаары, тарыхый инсандар, архитектуралык эстеликтер деген аталыштагы категорияларды тандап алып, түзүлгөн тест боюнча суроолорго жооп беришти.Таймашка табият таануу жана педагогика факультетинен “Айкөл Манас”, технология-экономика факультетинен “Ата журт”, гуманитардык факультетинен “Эркин Кыргызстан”, “Кыргыз каганаты” командалары катышышты. Жеңишке гуманитардык факультетинин “Кыргыз каганаты” командасы жетишти. 2-орунга технология экономика факультетинин “Ата журт” командасы ээ болду.3-орун гуманитардык факультетинин ” Эркин Кыргызстан” командасына ыйгарылды.Бардык командалар активдүүлүк менен катышып, ынтымакта, биримдикте болушту.Таймашта Талас мамлекеттик университетинин ректору Жыргалбек Сабырбекович, окуу жана илимий иштер боюнча проректору Анаркул Кудайбердиевич “Брейн-рингдин” уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, таймаштын катышуучуларына мындан да жакшы ийгиликтерди каалап, кийинки “Брейн-ринг” таймашынын эстафетасын табият таануу жана педагогика факультетинде уланышын сунушташты
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2024/04/437111275_440749051798333_4143968714754199261_n-1.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2024/04/437122970_440749171798321_6354162722884947902_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2024/04/438085901_440749138464991_2442022002193295102_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2024/04/437158910_440749071798331_8248043030309048393_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2024/04/437561601_440749155131656_6443344208548555308_n-600x800.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2024/04/437148310_440749115131660_4462141751547245514_n-800x600.jpg)