Башкы бет

ТалМУнун эл аралык илимий-практикалык конференциясы

Саламатсыздарбы, урматтуу коллегалар!

III. Эл аралык Түрк Дүйнөсүнүн Илим жана Инженердик Конгресси TURK-COSE 2021 , Кыргыз-Түрк Манас университети, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия Улуттук Университети (ЕУУ) – Казакстан жана Нийде Өмер Халисдемир Университети (НӨХУ) – Түркия тарабынан онлайнформатында уюштурулат.

Тиркемедеги чакыруу катты баардык Конгресске катышууну каалагандар менен бөлүшүп коюшуңуздарды суранабыз.

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ! 

Аралаш окутуу_ буйрук

Аралаш окутуунун алгоритми

Акыркы жанылыктар

Нооруз – 2021! ТалМУда Нооруз майрамы белгиленди.

Токчулуктун, молчулуктун, аруулуктун, сулуулуктун, тазалануунун, жанылануунун майрамы болгон Нооруз майрамыныздар кут болсун!
19-мартта Талас мамлекеттик университетинде Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара белгиленди. Мезгилдер отсо да бул майрам элдик майрам катары жыл сайын белгиленип келуудо.
Кун менен тун тогошкон 21-мартты Нооруз же “Жаны кун” деп келебиз. Майрамда ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов куттуктоо айтып, жалпы профессордук-окутуучулар жамаатына жаны жылыбыз жакшылыктарды алып келген жылдардан болсун деп, иштерине ийгилик каалады.
Нооруз майрамын ритуалсыз элестетуу мумкун эмес.Анын сынары арча тутотуп,айлананы жамандыктан тазалоо учун Умай Эне аластап: Нооруз келди!
Жер жарылып чоп чыкты,
Желин жарылып сут чыкты!
Эски жыл кетти,
Жаны жыл келди!
Айдан аман,жылдан эсен бололу!
,Алас,алас-алас!
Ар балээден калас!- деп жакшы тилектерин билдирди. Ноорузда кастарлап жасалуучу тамактардан болгон сумолокту ТалМУнун жетекчилигинин аруузат айымдары бышырып:
Сумолок бугун кайнаттык,
Бешене терим суртомун,
Ыйманды бугун кутомун.
Бактыбыз бугун ачылсын,
Ырыс-кешик чачылсын-деп, жалпы жамаатка сумолок таратышса,уюштуруучу гуманитардык факультеттин окутуучулары кочо кожо, тамак-аштарын даярдашып, тушоо кесуу,сахналаштырылган корунуштор менен коштолуп,майрамды шанга болоп,маданий программаны коркуно чыгарышты.Майрамдын урматына Кесиптик кошундун демилгеси менен “Ордо” оюну уюшулуп,женуучулорго сыйлыктар тапшырылды.

2021-жылдын 16-мартында​ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Талас башкармалыгы ​ Талас мамлекттик университетинин экономика багытында билим алып жаткан жогорку курстардын студенттери үчүн ​ “Ачык эшик” күнүн өткөрдү.

Аталган ​ жолугушуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2021-жылдагы 3-февралындагы №16б ​ буйругун «2021-жылга​ Кыргыз ​ Республикасынын Финансы министрлигинин ​ ишине ​ карата​ калктын​ ишеним индексинин коэффицентин​ жогорулатуу боюнча​ укуктук ​ пропагандалоо​ иш- чараларынын планы» аткаруу максатында уюштурулду. Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Талас башкармалыгынын ​ кызматкерлери: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Талас башкармалыгынын ​ казына бөлүмүнүн башчысы А.Э.Бейшеналиев;Финансы министрлигинин Талас башкармалыгынын башкы адистери ​ Н.Т.Курманбекова жана А.К.Аманова ​ студенттерге казыналык системасынын өнүгүшү, Бирдиктүү казыналык эсептин иштөөсү, программалык бюджеттештирүү, жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу, түрткү берүүчү гранттар, ошондой эле Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуулар системасынын өнүгүшү тууралуу айтып, Бирдиктүү казыналык эсептин ​ базасы менен тааныштырышты. Иш-чара ​ финансы чөйрөсүнүн болочоктогу адистерин Кыргыз ​ Республикасынын Финансы министрлигинин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу аркылуу келечектеги финансы тармагында эмгектене турган адистерди кызыктыруу​ максатында жыл сайын өткөрүлмөкчү. Аталган иш- чарага Технологиялык-экономикалык факультетинин ​ деканы п.и.к. доцент А.О.Курманалиева,экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу Э.М.Арыкбаева жана факультеттин бүтүрүүчү курсунун ​ студенттери катышышты.

Талас мамлекеттик университетинин алдындагы К.Кеңешбеков атындагы тарыхый-этнографиялык музей күндөн-күнгө баалуу эскпонаттар менен толукталууда.10-мартта тарых адистигинин аралыктан окутуу бөлүмүнүн студенти Молдошев Уран дагы музейге өз салымын кошуп, болжол менен 13-17 кк.тишелүү керамика чыны жана тыйын тапшырды.Патриот студентибиз Уранга ыраазычылык билдиребиз!!!11.03.21.Талас ш.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Талас облустук окулчулугунун жыйындар залында Аксакалдар кенешинин төрагасы М.Мамбеталиевдин “Каркыралар кайда учуп кеттинер” аттуу китеби ТалМУнун эн мыкты студенттерине белек катары берилди.Жолугушууга окуу жайдын декандары,директор, студенттер катышышты.Алгач жолугушууну Талас облустук ыйгарым укуктуу окулунун орун басары К.Б.Жанузакова ачып , келечек ээлери болгон студенттерге каалоо тилектерин айтып созду авторго берди.М.Мамбеталиев агай китептин жазылыш тарыхы,мааниси,мазмуну тууралуу соз кылды.Сонунда ТалМУнун профессордук-окутуучулар ,ректораттын атынан уюштуруучуларга ыраазычылык билдирилип, иштериндеги ийгиликтерди каалашты.

3.03.21.ТалМУнун табият таануу кафедрасы “биология” адистигинин 1-2-3-4- курстарынын ата-энелери жана ТалМУнун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрдү.

3.03.21.ТалМУнун табият таануу кафедрасы “биология” адистигинин 1-2-3-4- курстарынын ата-энелери жана ТалМУнун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрүп, онлайн, офлайн окуу процессинин жүрүшү, коронавирус илдетинин жайылышын алдын-алуу үчүн санитардык талаптарды сактоо жана кышкы сессиянын жыйынтыгы, катышуу,контракт маселеси, адистиктин аккредитациядан өтүүгө даярдыгы, аккредитациянын талаптары туурасында маалыматты кафедра башчысы б.и.к., доцент Ташибекова З.М. берди. Жыйындын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр ТалМУнун астындагы КОБББ окутуучусу Алымбаева Н. К., Р. Рысакова ат #2 орто мектебинин биолог мугалими Бондаренко Е.А., “Билимкана” мектебинин биолог мугалими Омурканова Г.С., Талас райондук,шаардык БББ жетектөөчү адиси Көчөрбаев А.К., Исраилов А.К. Талас райондук, шаардык БББ усулчусу, Темир у Беккул ,”БИО”kg окф мобилизатор, чет тилдер лицейинин географ мугалими Жекшенбеков А., Талас р. А.Нуржанов ат. орто мектебинин географ мугалими Кеңешбекова А.С., Кайрат к Э сөз берилди, ата-энелердин суроолоруна кафедра башчысы жана окутуучулар тарабынан жооптор берилип, маалымдалды.Жыйынтыгында ата-энелер, бүтүрүүчүлөр тарабынан анкеталар толтурулду.

Бүгүн ТалМУнун администрациясы жана кесиптик кошууну 8-Март Аялдардын эл аралык майрамына карата окуу жайдын эжекелери арасында волейбол боюнча турнир уюштурду. Университеттин ректору А.Ш.Упенов, окуу жана илимий иштер боюнча проректору С.С.Жумалиев, кесиптик кошуундун төрагасы Э.А.Абдырайымов, табият таануу жана педагогика факультетинин деканы З.Т.Койчуманов куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, айымдарды келе жаткан майрамдары менен куттукташып, оюнчуларга ийгилик каалашты. Башкы калыс А.Абдраимов оюн айлампа түрүндө өтөрүн, жеңүүчүлөргө кубок жана акчалай сыйлыктар ыйгарыларын белгиледи.

Бүгүн Талас мамлекеттик университети, Кыргыз-Өзбек университети жана С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети менен биргеликте “жогорку окуу жайларда аралаш (гибриддик) билим берүүнүн кээ бир маселелери” аттуу окуу-усулдук кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеде аралаш билим берүү процесси, шарттары, көйгөйлөрү боюнча маселелер каралып, бул жааттагы жетишилген тажрыйбалар алмашылды. Аталган үч окуу жайдын окуу иштери боюнча проректорлору доцент Т.Э.Исаков, профессор С.С.Жумалиев, профессор Н.А.Чоробаева аралаш окутуу маселелери баяндама жасашып, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти. Андан кийин талкуу жүрүп, сунуштар айтылды. Соңунда мындай биргелешкен иш-чаралардын масштабын кеңейтүү боюнча сунуштар берилди.

Эр жигит сыймыктанат эли менен, эн кымбат Ата-журттун деми менен!

Эр жигит сыймыктанат эли менен, эн кымбат Ата-журттун деми менен!
23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар куну. Ушул кундун урматына биздин ТалМУда да майрамдык маданий иш-чара болуп отту. Университеттин ректору А. Ш. Упенов, кесиптик кошундун торагасы Э.А. Абдураимов, проректор К.Т. Жунусалиева куттуктоолорун айтышып, эмгектеги эрдикти, жашоодогу жакшылыкты каалашты. Иштеги ийгиликтери жана коомдук иштердеги активдуулугу учун бир катар кесиптеш мырзалар, студент уландар Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.Бир кездеги Советтик Армиянын жана азыркы Кыргыз Армиясынын катарында кызмат отогондорго концерт тартууланды.Концертти ТалМУнун аруу тилек айымдары жана кыздары арнады.Майрамдык маанай патриоттук дем, куч берген салтанат менен коштолду. Программаны С. Бейшекеевдин “Жоокер ыры” деген чыгармасы менен сонуркадык.(Экранда армияда болгон биздин жоокерлер)

Бүгүн Талас мамлекеттик университети, Н.Исанов атындагы КМКТАУ,Кыргыз-Өзбек университети,Кыргыз-Түрк Манас университеттери биргеликте 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата “Эне тилим-жан дүйнөмдүн азыгы” аттуу темада тегерек стол өткөрүштү.

Бүгүн Талас мамлекеттик университети, Н.Исанов атындагы КМКТАУ,Кыргыз-Өзбек университети,Кыргыз-Түрк Манас университеттери биргеликте 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата “Эне тилим-жан дүйнөмдүн азыгы” аттуу темада тегерек стол өткөрүштү.Тегерек стол окумуштуулардын ой бөлүшүүсү менен кызыктуу өттү.Кадырлуу коноктору КТМУнун ага окутуучусу,ф.и.к. Э.Төлөкова,Н.Исанов атындагы КМКТАУнун С.Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборунун башчысы,ф.и.к.доцент К.Жумакадырова,КӨУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын ага окутуучусу,ф.и.к.С.Жусуевалар болушту.Иш-чараны ачып берүү үчүн куттуктоо сөз ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору,ф.и.к.,доцент К.Т.Жунусалиевага,гуманитардык факультеттин деканы т.и.к.,доцент Ж.КАбдиевага берилди.Тегерек столдо эне тилди сактоо,өнүктүрүү боюнча олуттуу пикирлер айтылып,ой бөлүшүү абдан кызыктуу маанайда өттү.Кылым карыткан кыргыз тилибиз мындан ары өнүгө бере турганына ишеничибиз артты.Бар бол,эне тилибиз,кыргыз тили!!!

ТалМУнун алдындагы КОБББнын табигый дисциплиналар секциясынын “дене тарбия” адистигинин КФ-1-18 тайпасынын куратору Н.Д. Мураталиева студенттер менен “Биз коррупцияга каршыбыз” деген темада куратордук саат өттү.

ТалМУнун алдындагы КОБББнын табигый дисциплиналар секциясынын “дене тарбия” адистигинин КФ-1-18 тайпасынын куратору Н.Д. Мураталиева студенттер менен “Биз коррупцияга каршыбыз” деген темада куратордук саат өттү. Теманын тегерегинде студенттер менен бирге суроо-жооп уюштуруп. маалыматты кенен ачып берүү максатында атайын даярдалган видео-слайд да көрсөттү. Маалымат баарына жеткиликтүү жана кызыктуу фактылар менен даярдалгандыктан, студенттер активдүү катышып беришти.

Университетте коррупцияга каршы күрөшүүдө алдын ала жүргүзүлүүчү иш-чаралар багытында тегерек столдогу маектешуу болуп өттү.

Университетте коррупцияга каршы курошуудо алдын ала жургузулуучу иш-чаралар багытында тегерек столдогу маектешуу болуп отту. Университеттин жетекчилиги, проректорлор, фак. декандары,каф. башчылары, колледждин секция башчылары, бир катар болум башчылар катышты. Башкы конул, студент жаштарды, келечек ээлерин, эртенки кундун адистерин коррупциялык кооптуу корунуштордон коргоого, алардын аруу дуйносун, андай жагымсыз жат корунушко жакындатпоого бурулду. Кимибиз болбойлу ак, так, таза кызмат отоого, жоопкерчиликти жон терин менен сезууго, коррупциялык ишке азгырылып кетпоого, жаштардын ар тараптан оркундоп онугуусуно, узгултуксуз узурлуу тарбия жана терен сапаттуу билим берууго озгочо маани берилди. Окуу, ил. иштер боюнча проректор ф. и. д. С. С. Жумалиев озунун олуттуу маселе боюнча омоктуу оюн айтты. Студенттер, арасында о. э. окутуучулар арасында да бул багытта тушундуруу иштерин жургузуунун зарылдыгын белгиледи. Коррупцияга каршы Элдик козомол коомдук бирикмесинин Талас шаары боюнча координатору
У. Эсенаманов ак кызмат кылуу жемкорлукту жоюу, аруулануу, тазалануу экендигине токтолуп, коррупцияга каршы аёсуз курош барган сайын кучотулуп баратканын, жеке кызыкчылыгын ойлоп, кимдир бироолор капилеттен кабылып калбоосун, андай болгондо тиешелуу чара тийиштуу органдар тарабынан колдонулуп каларын билдирди.Коомдук турмуштун туш тарабын, бардык тармагын коррупция курчап алганын, чырмооктой чырмап салганын, эми чындап андан арылануунун аракети колдоого алынганын, пара алуу-пара беруу бул кылмыш, эки тарап тен андай жоруктан алыс болуусун баса айтты. Мындан ары да таасирлуу, тарбия таалимдуу ушундай тушундуруу иштерин откоруу оз натыйжасын берерине ишеним артылды.

Уважаемые коллеги!

Приглашаем Вас и Ваших коллег принять участие в XIX Пастуховских чтениях, в рамках которых 26-28 мая 2021 года пройдет Всероссийская научно-практическая конференция с международным участием "Возможности и перспективы ...
»»»

Уважаемые коллеги,

Правительство Индии предоставляет нашим студентам грант на обучение в  творческих областях как: танцы, музыка, театральное искусство, исполнительское искусство, культура, языки Индии и т.д. на 2021-2022 учебный ...
»»»

УВАЖАЕМЫЕ ПРЕПОДАВАТЕЛИ, ДОКТОРАНТЫ, МАГИСТРАНТЫ, СТУДЕНТЫ!

МЕЖДУНАРОДНЫЙ ЦЕНТР СПОРТА, ОБРАЗОВАНИЕ И НАУКИ «GENIUS» информирует Вас о том, Международная научно-практическая интернет-конференция «Евразийское пространство в мировой цивилизации» посвященная 30-летию Независимости Казахстана пройдет 10-11 ...
»»»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ BEPYY ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ БАЛДАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ИНЖЕНЕРДИК-ТЕХНИКАЛЫК«АЛТЫН ТУЙУН» АКАДЕМИЯСЫ

Ректорам ВУЗовКыргызской Республики Министерство образования и науки Кыргызской Республики и Республиканскаядетская инженерно-техническая академия «Алтын туйун» с 21 по 24 апреля будет проводитьежегодный международный конкурс «Мы ...
»»»

Информационное письмо

11 мая 2021 г. в Бишкеке Секретариат Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР совместно с Кыргызско-Российским Славянским университетом им. Б.Н. Ельцина (КРСУ) ...
»»»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТИРЛИГИ

ТАЛАС МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ Урматтуу кесиптештер! Сиздерди Талас мамлекеттик университети тарабынан 2021-жылдын 24-апрелинде өткөрүлө турган «Билим берүү жана илимди өнүктүрүүнүн заманбап тенденциялары жана келечеги” Конференция 2021-жылдын ...
»»»
Дагы башка жанылыктар

ТалМУда кыргыз элинин белгилүү окумуштуусу К.Карасаевдин 120 жылдыгына арналган “К.Карасаев – кыргыздын залкар окумуштуусу” деген темада конференция болуп өттү. https://www.facebook.com/photo/?fbid=913426979429938&set=pcb.913427386096564&__cft__[0]=AZUtx-J1QJT2wLKhIfTeoJDrct7OZZ6T6I2THPzSU6sR1OuMmqVmSOXQQrX-I3qW4C0h6Uv3B7qRlGaXHGVJgHMxt9IoZQjohTyRzDVjNsIwY2Y4sxBeTcArYPJoWa1il0Y&__tn__=*bH-R

 Университет жөнүндө

Талас мамлекеттик университети (ТалМУ) Кыргыз Республикасынын Президентинин 25.07.2000-ж. №189 буйругунун жана КР Өкмөтүнүн 04.09.2000-ж. №546 токтомунун негизинде И.Арабаев атындагы КМПУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун, КМКТАУнун (КГУСТА), К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Таластагы филиалдарынын жана Талас айыл чарба техникумунун базасында уюшулган. ТалМУ юридикалык субъект катары юстиция органдарында 7.02.2000-ж. каттоодон өткөн.
статусу: Мамлекеттик жогорку окуу жайы
түзүүчүсү (учредитель): КРнын Билим берүү жана илим министрлиги
каржылануусу: Республикалык бюджеттин, контракттык негизде билим алган студенттердин төлөмдөрү, чарбалык ишмердиктен түшкөн кирешелер,
демөөрчүлүк жардамдар.
Учурда университеттин структурасына 3 факультет, аралыктан билим берүү технологиялар борбору (ЦДОТ) жана кесиптик орто билим берүү бөлүмү кирет.
2017-2018-окуу жылында университетте жалпы 125 окутуучу эмгектенүүдө. Алардын катарында:
-штаттагы илимдин докторлору – 3
-штаттагы илимдин кандидаттары – 37
Штаттагы окумуштуулук даражалуу окутуучулардын штаттагы окутуучулардын жалпы санына болгон пайыздык катышы 42% түзөт.
Толук маалымат

TalSU NEWS21 Телестудиясы

https://www.youtube.com/channel/UCQtX-QjtLnXf0n_z5DQBYeg