Табият таануу жана педагогика факультети

Койчуманов Замир Турарбекович

Факультеттин деканы, биология илимдеринин кандидаты, доцент

Талас мамлекеттик университетинин Табият таануу жана педагогика факультети ТалМУнун алдында 2006-жылдын 1-сентябрындагы №68/6 буйругунун негизинде түзүлгөн.
Табият таануу жана педагогика факультетинин миссиясы:
Азыркы коомдун кесипкөй, компетенттүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерин даярдоо

https://www.high-endrolex.com/14

Факультет төмөндөгү кесиптер боюнча адистерди даярдайт:
Педагогикалык багытта:

  • Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы
  • Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы
  • Математика
  • Информатика
  • Физика
  • Биология
  • Химия
  • География

Инфенердик батытта:

  • Саламаттык сактоодогу информатика
  • Экология
  • Айыл чарба
  • Колдонмо математика жана информатика
  • Туризм

Факультеттин профессордук-окутуучулар курамы:
Факультетте жогорку квалификациялуу илимий – педагогикалык кадрлар  эмгектенишет: 3 илимдин докторлору, 16 илимдин кандидаттары, доценттер.  Андан тышкары аспирант-изденүүчүлөр жана магистранттар, жалпы профессордук- окутуучулар курамынын 40 % түзүшөт.
Факультеттин калыптанышына жана өсүп-өнүгүүсүнө салымдарын кошкон төмөнкү педагог-адистерди баса белгилөөгө болот: ТалМУнун профессору, химия илимдеринин доктору, профессор Жусупова Кулмайрам Алтымышбаевна, педагогика илимдеринин доктору, профессор Курманкулов Шекербек Жанышбаевич, биология илимдеринин кандидаты, доцент Сагынбеков Жышан Сагынбекович, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Стамалиева Калымкан Асаналиевна, педагогика илимдеринин доктору, профессору Ажибаева Айнура Жакшымбетовна, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Раева Майрамкул Тургунбековна, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Умарбекова Анара Анарбаевна, биология илимдеринин кандидаты, доцент Ташибекова Замира Мазелевна.
Табият таануу жана педагогика факультеттин убагында Абдраимов Эркин Абдылдаевич, Жусупбеков Таалай Жусупбекович, Дөнбаева Гулайым Чыныбековна, Кенжебаев Дайыр Орунбекович, Мырзабекова Укен Жаныбердиевна жетектеп келишсе, 2020-жылдан тарта биология илимдеринин кандидаты, доцент Койчуманов Замирбек Турарбекович жетектеп келет.
Биздин  факультеттин айрым бүтүрүүчүлөрүнүн  ысымдары республикабызда белгилүү экенин сыймыктануу менен айтсак болот. Андан тышкары жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө окууларын улантышып жана ийгиликтүү иштеп жаткандары да көп.
ТалМУнун табият таануу жана педагогика факультетинде жаш илимпоздордун саны күндөн-күнгө көбөйүп, алардын илимге болгон кызыгуусунун натыйжасы өз жемишин берүүдө. Алып карасак, математика кафедрасынын ага окутуучулары Кыштообаева Чолпон Асанкуловна жана Дуйшоналиева Урумкан Эрмековна кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргоп алышты, ошондой эле илимий иштерин жыйынтыктап коргоо алдында турган аспирант-изденүүчүлөр да бар: Кумашова Аида, Козубекова Алмаш ж.б.
Факультеттин материалдык-техникалык базасы студенттердин сапаттуу жана заманбап билим алуусуна шарт түзүп берүү максатында иштер жүргүзүлүүдө: факультеттин китепканасы жаны китептер жана электрондук китептер менен толукталууда, лабораториянын имараты жаныланып, долбоор аркылуу алынган жабдуулар окуу процессине жана илим изилдөөгө пайдаланууга берилди.
Талас мамлекеттик университетинин табият таануу жана педагогика факультетинде студенттердин сырткы жана ички мобилдүүлүк жакшы жолго коюлуп жатат. Ош декларациясына ылайык студенттер региондогу жана борбордогу университеттерге барып бир семестр окуп келип жатышат. Андан тышкары, студенттерибиз келишимге ылайык чет өлкөлөргө да барып окуп жана практикадан келишүүдө: Erasmus+, LOGO e.v., Praxx, Getech solution жана башка программалар аркылуу.
Факультеттин курамында 3 кафедра бар: Педагогика жана башталгыч билим берүү, Математика, физика жана информатика жана Табият таануу кафедралары.  

Табият таануу жана педагогика факультетинин курамы төмөнкү кафедралардан турат:

  • Табият тануу кафедрасы Талас мамлекеттик университетинин негизги окуу бөлүмү болуп 1996 жылы уюшулган, ал эми 2015- жылы «Табият таануу» кафедрасы болуп кайрадан түзүлгөн. «Биология» адистигинин бүтүрүүчүлөрүнө  «биология мугалими», «География» адистигинин бүтүрүүчүлөрүнө «география мугалими» квалификациялары ыйгарылат. Айыл чарба бакалавры багыты боюнча, Агроэкономика профилинин бутуруучулоруно Агроэкономика адиси квалификациялары ыйгарылат. Биология, география квалификациясына ээ болгон адистер азыркы стандарт боюнча «кенири профилдүү» каралып  билим берүү мекемелеринде жана төмөнкү тармактарда эмгек жолун уланта  алышат: педагогикалык, илимий-усулдук, социалдык -педагогикалык, социалдык, тарбиялык, маданий-өнүктүрүү, медициналык, СЭС (санэпидемстанция), мамлекеттик стандарт, жаратылышты коргоо, фитосанитария, башкаруу, ӨКМ (өзгөчө кырдаалдар министрлиги), туризм тармактарында.
  • Педагогика кафедрасы: Кафедра 1996-ж уюшулган жана «Башталгыч класстын мугалими» адистигин даярдап келет. Милдеттүү түрдө окутулуучу предметтерден тышкары студенттер бир канча атайын психологиялык-педагогикалык жана жалпы билим берүүчү курстарды өз алдынча тандай алышат. Андан тышкары «Мектепке чейинки педагогика», «Социалдык педагог» кошумча адистиктерине ээ болушат.
  • Математика, физика жана информатика кафедрасы: 540402 математика адистиги  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим Министрлигинин  2000-жылдын 29-декабрындагы №752/1 буйругунун негизинде  бекитилген. Кафедранын бүтүрүүчүлөрүнө «Математика мугалими» квалификациясы ыйгарылат.    Математика адистигин аяктагандар ар кандай тармактарда иштөөгө жөндөмдүү жана төмөнкү кесиптик ишмердүүлүккө даяр болушат: педагогика, илимий-методикалык, экономикалык, социалдык-педагогикалык, тарбиялык, маданий, социалдык-башкаруу. Математика адистигинин бүтүрүүчүлөрү өз билимдерин  төмөнкү  багыттар боюнча аспирантура жана магистратурада уланта алышат:  математика, экономика, педагогика, психология, философия жана техника илимдери.Кафедранын бүтүрүүчүлөрүнө «информатика мугалими» квалификациясы ыйгарылат.  Биздин бүтүрүүчүлөр область боюнча жалпы билим берүүчү мектептерде, лицейлерде,  колледждерде, жогорку окуу жайларында, улуттук телерадиокомпаниясында жана компьютердик борборлордо,  НПОлордо , финансылык компанияларда , банктарда эмгектенишүүдө.

Студенттердин практикалары адистиктерине жараша, мектептерде, өндүрүштөрдө, мамлекеттик жана жеке мекемелерде жана талаа шарттарда өткөрүлөт.
Студенттерди окутуу Болон процессинин негизинде кредиттик технология менен окутулат. Студенттердин катышуусу, жетишүүсү жана кыймылы Э-билим программасы аркылуу көзөмөлдөнөт.

Прокрутить вверх