Талас мамлекеттик университетинин алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмү.

Талас мамлекеттик университети- өрөөндөгү жалгыз жогорку окуу жайы. Ал КР Өкмөтүнүн 4-сентябрь 2000-жылындагы № 546 токтомунун негизинде И.Арабаев атындагы КМПУнун, КГУСТАнын жана Кыргыз агрардык академиясынын Талас шаарындагы филиалдарынын базасында уюшулган.

Секции:

Университеттин курамына 2009-жылдан тартып кесиптик орто билим берүү бөлүмү ишке киргизилген.
Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн негизги миссиясы: Азыркы коомдун кесипкөй, компетенттүү, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо болуп саналат. Ага ылайык окуу процессин талаптагыдай  уюштуруу жана болочок кесип ээлеринин билимдерин жогорулатуу максатында окуу жайдын материалдык-техникалык базасынан тартып, окуу-методикалык кабинеттери, окуу залдары, интернетке туташылган компьютердик жана мультимедиялык класстар менен жабдылышы, заманбап окуу аудиториялары, жетиштүү китеп фондусу менен окуу жана тарбия иштерин жүргүзүлүүсү окуу жайдын жетекчилиги тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулган. Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ажибаева Айнура Жакшымбековна менен окуу жайдын мугалимдер жамааты азыркы коомдогу кесипкөй адистерди даярдоого бет алгандыгын, чогуу, бирдиктүү иш үстүндө экендигин далилдеп келишет.

Кесиптик орто билим берүү бөлүмү 2018-2019-окуу жылында  Билим берүү программаларын жана уюмдарын  аккредитациялоо агенттиги тарабынан, ал эми 2020-2021-окуу жылынын  27, 28 — октябрь айынын аралыгында «Эл баасы» көз карандысыз аккредитациялык агентствосу тарабынан аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, сертификат алынды.

Ар бир ийгиликтүү алынган сертификат окуу жайга абитуриенттердин агымын жана окуу жайдын андан ары өсүп-өнүгүүнүн жолун тандагандыктын белгисин көрсөтөт.

Кесиптик орто билим берүү бөлүмүндө окуу жайдын миссиясын жана ТалМУнун билим берүүдөгү стратегиялык планын ишке ашыруунун үстүндө иш алып барышкан 6 секция бар. Алар  жалпы 12 адистикти тейлейт. Анын ичинде  гуманитардык дисциплиналар секциясы гуманитардык багытта жалпы 29 предметти тейлеп, жогорку билимдүү 14 окутуучу эмгектенет. Гуманитардык дисциплиналар секциясы “Чет тили” адистикти даярдап чыгарат. Бул адистикке 9 жана 11-класттын базасында күндүзгү бөлүмүнө кабыл алынат. Аталган адистик 2018-жылдан тартып кабыл алынып, бүтүрүүчүлөрдү чыгаруунун алдында турат. 050303 шифрлүү “Чет тили” адистигин аяктаган кесип ээси “Башталгыч класстардын чет тили мугалими” квалификациясына ээ болот. Мектептерде, лицейлерде эмгектенүүгө мүмкүндүк ала алат. “Чет тили” адистигинде окуган студент англис тилин оозеки жана жазуу кебин мыкты өздөштүрүүгө, өз оюн англис тилинде так, туура айта билүүгө, аны менен бирге жаза алууга жетишет. Аудио, видео, лингофондук кабинеттерде студенттер интернет аркылуу, же сабактарында кабинеттерде каралган каражаттарды пайдаланууга мүмкүнчүлүктөргө ээ. Окутуучулар, кураторлор тарабынан уюштурулган облустук, университеттик, колледждин деңгээлиндеги ар кандай семинар, конференция, диспут, конкурстарга, мелдештерге, тегерек столдорго катыша алышат. Адистиктин студенттери кесиптик окуу жайда жайгашкан интернет булактарына туташылган  3 компьютердик класстагы копьютерлерди пайдалана алышат. Анда студенттер сабактарга тиешелүү маалыматарды, материалдарды жүктөп жана  алууга жетишет. Ошондой эле, студенттер колледждин китепканасынан да керектүү маалыматтарды ээ болууга, аны менен катар  электрондук китепканадан да пайдалана алышат. Колледждин китепканасында адистиктерге ылайык практикалык жана теориялык билимдерди окуп-үйрөнүүгө ар кандай усулдук колдонмолор, адабияттар, газета-журналдар жайгашкан. Окуу залына отуруп, даярданууга да мүмкүнчүлүк каралган.

Студенттерге спорт менен машыгуу үчүн спорттук залда ар кандай спорттук шаймандар бар. Билим менен сергек жашоону айкалыштыруу студенттердин дене көнүгүүлөрүнөн тартып, ар кандай мелдештерге баруусу да, окуу жай тараптан колдоого алынган.

Гуманитардык дисциплиналар секциясынын окутуучулары окуу процессинде төмөндөгү негизги максаттарды алдыга коюу менен иш алып барышат:

1. Азыркы коомдун кесипкөй, компетенттүү, атаандыштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо.

2. Окуу — усулдук көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу жана аларды колдонуу.

3. Окутуучулардын негизги илимий — теориялык жана методикалык деңгээлин көтөрүү.

4. Компетенттүү мамилелердин негизинде студенттердин билимин модулдук- рейтинг системада баалоо жана  анын методдорун иштеп чыгуу.

Гуманитардык дисциплиналар секциясынын түптөлүшүнө  Билим берүүнүн мыктысы Аязбекова Амангүл Дүйшенбековна, Байдөөлөтов Майрамбек Караевич, Жоробекова Бактыгул Советбековна, Осмоналиева Жаркын Бейшенбековна, Аскарова Назира Курманбековна, Казыбаева Нурзат Советбековнанын салымдары чоң. Ошондой эле секциянын андан нары өсүшүнө  А.Б.Дооронова, А.К.Рыскулбекова, Н.Б.Орозумбетова, К.Алымкулова, М.Назаралиева, А.Ш.Омурбаева жана башкалардын өз учурунда секцияга тиешелүү иш кагаздарын, окуу жана тарбиялык иштеринде алгылыктуу иштерди жасап келишкен деп белгилеп кете алабыз.

Секцияда окутуу — усулдук, уюштуруу — усулдук, илим — изилдөө жана тарбиялык иштер боюнча иш пландары түзүлүп, алардын негизинде иш жүргүзүлөт.

Секциянын окутуучулары окуу жайдын өнүгүшүнө бүт аракетин жумшап, кесиптик окуу жайдын талаптарына жооп берүүсүнө көңүл буруу менен студенттерге илимий негизге таянып, кызыктуу лекцияларды окууга жана  практикалык сабактарды интерактивдүү методдор менен жеткиликтүү кылып  окутууга аракеттенишет. Жыл башында түзүлгөн графиктин негизинде университеттин жана колледждин алкагында ачык сабактарды өтүшөт. 2020-2021-окуу жылына карата  гуманитардык дисциплиналар секциясынын окутуучулары: Б.С.Жоробекова, Н.К.Аскарова, А.К.Рыскулбекова, Н.С. Казыбаева, А.Кузерова  ачык сабактарын өтүп, өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп беришти.

Учурга ылайык IT технологияларын колдонуп, сабакта ар кандай платформаларды колдонуу менен билимди талыкпай берип келишүүдө. Онлайн режимде AVN порталы менен студенттер менен тыгыз байланышта болуп, материалдарын, презентацияларын жүктөп, студенттерге аралыктан билим беришип жатат.

        Секцияда окутуучулар тарабынан күндүзгү окуу бөлүмү үчүн жана  сырттан окуу бөлүмү үчүн  ГОС стандарттын негизинде окуу-усулдук комплекстер, тесттер, экзамендик билеттер даярдалып, усулдардын түрлөрү менен билим беришет.

Ошондой эле, секциянын окутуучулары жыл сайын билимдерин жогорулатуу максатында республикалык деңгээлдеги да ар кандай курстарга, семинар-тренингдерге катышып, сертификаттарга ээ болуп  турушат. Алсак, GIZ жана  USAID долбоорлорунун алкагында  уюштурулган мектеп жана жогорку окуу жайлардын мугалимдери үчүн окутуунун ар кандай ыкмаларын колдонуу максатында “Билим сапатын жогорулатуунун окуу-усулдук ыкмалары” аттуу теманын алкагындагы тренинг- семинарларда болушуп, окутуунун ар кандай ыкмаларын сабакта колдонуунун өзгөчөлүктөрү жана мүнөздөрү тууралуу билимдерин жогорулатып келишти. Онлайн режимде уюштуралган ар кандай курстарга катышып, билимдерин жогорулатуунун үстүндө болушту.
Окутуучулар илимий  чөйрө менен да алектенишип, 4 методикалык курал басмага берилди. Алардын экөөсү “Англис  тили” дисциплиналарынан болсо, бирөөсү “Эне тили”, дагы бирөөсү  “Кыргыз тили жана адабияты” дисциплиналарына карата түзүлгөн. Секциянын окутуучуларынын илимий макалалары да ТалМУнун жана республикалык конференциялар жыйнактарында  басылмаларга чыгып турат. Алсак, А.Д.АязбекованынЧ. Айтматовдун  ““Кылым карытар бир күн” романындагы маңкуртчулук  темасынын интепретацияланышы”. Вестник вуз Кыргызстана № 10 2018- жыл; “Адеп-ахлактын коомдогу орду”. Известие вузов Кыргызстана № 5 2019; Б.С.Жоробекованын “Кыргыз тилиндеги кош сөздөрдүн сөз түркүмдөрү”. ТалМУнун илимий — тажрыйбалык конференциясынын жыйнагы. 2014-жыл ; “Т. Сатылганов — көп кырдуу акын”.  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Жарчысы» журналы. Атайын чыгарылыш 2015-жылы; “Ч. Айтматов жана адамзат темасы”. Вестник вуз Кыргызстана № 10 2018-жыл; “Кыргыз тилиндеги кош сөздөрдүн түзүлүү өзгөчөлүктөрү”. Известие вузов Кыргызстана № 5 2019 макалалары жарык көрдү. Секциянын окутуучулары студенттерди илимий конференцияларга да даярдап чыгышат. Алсак, 17-апрелде болуп өткөн “Азыркы коомдогу нравалык баалуулуктар жана билим берүү системасын өнүктүрүүнүн эффективдүү инструменттери» аттуу студенттердин кезектеги 18-илимий-практикалык конференциясына англис тили окутуучусу Н.С.Казыбаева КА-1-18 группасынын студенти Эсенбеков Нурсейит Сулумбекович  менен “Integrating e-learning books into English lessons to improve students’ speaking skills” деген темада конференцияга катышып келишти.
        Секциянын окутуучулары: Н.К.Аскарова КА-1-18; Н.Б.Орозумбетова КА-1-19 жана Б.С.Жоробекова КР-1-20 тайпаларына куратордук иш алып барышууда. Кураторлор планга ылайык тайпадагы студенттер менен окуу жай тарабынан бекитилген маданий иш — чараларга активдүү катышып жана аларды өздөрү да  өткөрүп келишет. Онлайн режимде видеороликтерди жасап,  Zoom платформасы менен ар кандай иш-чараларды өткөрүп келишти. Ар жыл сайын “Мыкты куратор”, “Мыкты тайпа” конкурстарына катышып, КА-1-18 тайпасы 2018-2019-окуу жылында “Мыкты тайпа” конкурсунун жеңүүчүсү болуп, Кыргызстандын кооз жерлерине жолдомо алышкан. Ал эми 2019-2020-окуу жылына карата “Мыкты куратор” номинациясына КА-1-19 тайпасынын куратору Н.Б.Орозумбетовага ыйгарылды.

Гуманитардык дисциплиналар секциясынын “Чет тили” адистигинин студенттери планга ылайык келишимдин негизинде Талас шаарындагы мектептерге практикага чыгышат. Алгач, аларга багытоочу конференция өткөрүлүп, андан кийин мектептерге бөлүнүшөт.

 Практика учурунда студентер алган теориялык билимдерин  практика жүзүндө  көрсөтүп, мугалимдик кесипке тиешелүү ар кандай иш кагаздары менен да таанышып келишет. Практика учурунда англис  тилинин грамматикасынан тартып, көнүгүү иштерин аткарууга жетишишет.
Окуучу балдарга, насаатчылары менен чогуу иш алып барып, мектеп турумушу жөнүндө таанышып, келечекке багыт ала алышат. Ошондой эле, тарбиялык сааттарды да өткөрүшүп, англис тилинин оозеки кебин балдарга өздөштүрүү менен салттык жашоосун да чагылдырууга да жетише алышат.
“Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр-билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу”  чексиз кайраттуулукту, рухий дөөлөттү  тартуулаган эпостогу осуятта көрсөтүлгөндөй окуп-үйрөнүү келечек ээлеринин  колунда!

Колледждин жобосу

Колледждин тарыхы

Талас мамлекеттик университетинин алдындагы Кесиптик орто билим берүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги тарабынан берилген лицензиялардын негизинде  28.07.2009-жылдын № 62/6 ТалМУнун ректорунун буйругу менен  уюшулган.
Талас мамлекеттик университетинин алдындагы Кесиптик орто билим берүү бөлүмү лицензиялык талапка жана окуу процессинин жүрүшүнүн шарттарына жооп берген профессионалдык адистерди даярдоодо билим берүү иш -аракеттерин жүргүзө алган окуу жайдын катарына кире алды.
Кесиптик орто билим берүү бөлүмү 2009-2010-окуу жылына карата  төмөнкү адистиктер боюнча лицензия берилип, билим берүү иш — аракеттери  жүргүзүлгөн:

  • 0303 “Чет тили”;
  • 1004 “Электр менен камсыздоо”;
  • 0601 “Экономика жана бугалтердик эсеп”;
  • 2202 “Маалыматтарды иштеп чыгуу жана башкаруунун автоматташтырылган системалары”;

Ал эми 2010-2011-окуу жылына карата үч адистик боюнча лицензия алууга жетишкен. Аларга:

  • 0313 “Мектепке чейинки билим берүү”;
  • 1705 “Автоунааны техникалык тейлөө жана оңдоо”;
  • 0201 “Укук таануу”;

2011-окуу жылында 0312 “Башталгыч класстарга билим берүү” адистиги ачылган.
2012-окуу жылы “Китепкана таануу” адистиги, ал эми 2018-2019-окуу жылынан баштап 230018 «Компьютердик системалар жана комплекстер», 130403 “Ачык тоо-кен иштери”, 0303 “Чет тили” адистиктери ачылган.
Окуу жайдын административдик түзүмү  окуу жана тарбиялык иштеринин жүргүзүлүшүн көзөмөлдөп, окуу процессинин үзгүлтүксүз аткарылышына, Республикадагы орто кесиптик билим берүү системасынын модернизацияланышындагы жаңы форматтагы адистердин даярдалышына бардык шарттарды түзүү менен Билим берүүнүн стандартынын негизинде иш алып барышат.
2018-2019-окуу жылында 050721 “Дене тарбия”адистиги,140212 «Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)», 190604 «Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо» жана 220206 «Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча)», 050709 «Башталгыч  класстарды окутуу » адистиги,080110 “Экономика жана бугалтердик эсеп”, 030505 “Укук таануу”  Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, сертификат алынды.
Кесиптик орто билим берүү бөлүмүндө окуу планы түзүлүп, анын  негизинде модулдук-рейтинг системасы менен студенттерге азыркы коомдун кесипкөй, компетенттүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерин даярдап, негизги максат катары окуу процессин, илимди жана окутуунун инновациялык ыкмаларын эффективдүү интеграциялоонун негизинде коомдун заманбап талаптарына жооп берген адистерди калыптандыруу. Муну менен Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө интеллектуалдык борборлордун бирине айланууну келечектеги максат катары коюп, алдыңкы көрсөткүчтөргө умтуулунун үстүндө келе жатат.

КБББнын билим берүү максаты

Прокрутить вверх