Математика, физика жана информатика кафедрасы

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим Министрлигинин 2000-жылдын 29-декабрындагы №752/1 буйругунун 540402 математика адистиги негизинде бекитилген. Математика жана информатика кафедрасынын биринчи кафедра башчысы болуп п.и.к., доцент Жакыпбеков Мухтарбек болуп, ал кафедраны 2000-2003 жылдары жетектеген.
2003-жылдан 2015-жылга чейин математика кафедрасын п.и.к., доцент Стамалиева Калымкан Асаналиевна, ал эми Информатика кафедрасын ага окутуучу Батырбеков Догдурбек Атаярович жетектеген.

Кафедранын кийинки жетекчилери:
2015-2022 — жылдары математика, физика жана информатика кафедрасы аталып кафедра башчысы болуп п.и.к., доцент Раева Майрамкул Тургумбековна жетектеген.
2022-жылдын 17-февралынан баштап математика, физика жана информатика кафедрасынын кафедра башчысы болуп п.и.к., доцент Стамалиева Калымкан Асаналиевна ийгиликтүү иштеп баштаган.
Ал эми 2022-жылдын сентябрь айынан баштап математика, физика жана информатика кафедрасына кафедра башчысынын милдеттин аткаруучу болуп п.и.к, ага окутуучу Кыштообаева Чолпон Асанкуловна ийгиликтүү жетектеп баштаган. 2022-жылы ноябрь айынан баштап кафедра башчысы болуп дайындалган.

Кыштообаева Чолпон Асанкуловна
Кафедранын аталышыКафедра башчысыБайланыш телефонуЭлектрондук
дареги
Математика,  физика жана информатикап.и.к., ага окутуучу
Кыштообаева Чолпон Асанкуловна
0702345323kysktoobaeva@mail.ru

Кафедранын миссиясы – заманбап усулдарды жана технологияларды колдоно билген, кесипкөй компетенттүү жана атаандыштыкка жөндөмдүү математика, физика жана информатика мугалимдерин даярдоо.

Кафедранын максаты – компетенттүүлүк мамиле менен билим берүүдө сапаттын кепилдигин камсыздоо аркылуу математика, информатика, физика, колдонмо математика боюнча Кыргызстандын өнүгүүсүн камсыздоого аракеттенген, интеллектуалдык потенциалы жогору болгон илимий-педагогикалык кадрларды тарбиялоо жана даярдоо.

Кафедранын милдети – улуттук жана эл аралык деңгээлде атаандаштыкка туруштук берген татыктуу кадрларды даярдоочу устат болуу. Ар бир студентти окууга, жашоого, чыгармачыл болууга үйрөтүү.

ЖКББ НББПнын максаты
ЖКББ НББПнын максаты ТалМУнун миссиясынын негизинде аныкталган. ТалМУнун миссиясы: “Азыркы   коомдун кесипкөй, компетенттүү жана   атаандаштыкка жөндөмдүү адистерин даярдоо” жана  “Окуу процессин, илимди жана окутуунун инновациялык ыкмаларын эффективдүү интеграциялоонун негизинде коомдун заманбап талаптарына жооп берген адистерди калыптандырууга” максатына негизделип, ЖКББ мамлекеттик стандартынын 3.4., 3.4.1., 3.4.2. пунктарына туура келген студенттердин жалпы  илимий,  инструменталдык, социалдык-инсандык жана жалпы маданий, кесиптик компетенцияларын калыптандырууга багытталган.”.
Бул миссияга ылайык 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын “Информатика” профилинде “бакалавр” академиялык баскычындагы адистерди даярдоодо төмөнкү максаттар аныкталган:

Программанын максаттары
550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын “Информатика” профили боюнча бакалаврларды даярдоодогу негизги билим берүү программасынын максаттары.
ЖКББ НББПнын инсанды окутуу жана тарбиялоо жаатында даярдоонун 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын “Информатика” профили боюнча төмөнкүдөй максаттарды коёт:

1-максат: Жогорку кесиптик (бакалавр) билим берүүдө универсалдык, кесиптик жана адистик компетенцияларга ээ болгон студенттердин социалдык-инсандык сапаттарын, адептик жана маданий баалуулуктарын калыптандыруу; бүтүрүүчүлөрдө жалпы билим берүү дисциплиналарын, гуманитардык, социалдык. экономикалык, математикалык жана табигый-илимий билимдерди окутуунун натыйжасында логикалык, критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, англис тилиндеги маалыматтарды колдоно алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон интеллектуалдуу, ата мекенди сүйгөн патриот, педагогикалык ишмердүүлүккө кызыккан инсанды тарбиялоо.

2-максат: Бүтүрүүчүнүн инсандык сапаттарын өнүктүрүүдө нарктуу баалуулуктарды баалоого, патриоттулукка, гумандуулукка, улут аралык достукка жана толеранттуулукка тарбиялоо; жоопкерчиликтүү, атаандаштыкка жөндөмдүү; маданияттуу, сергек жашоо образына, психикалык жана физикалык ден соолугу чың болууга жана өзүн-өзү өстүрүүгө үйрөтүү.

3-максат:. Кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсүндө негизги билим берүү программасынын максаты бүтүрүүчүлөргө өз алдынча жана командада иштей ала турган, кесипкөй, өз ишинин нормаларын так билген, коомдук баалуулуктарды баалай билген жоопкерчиликтүү, сабаттуу, иш билги адисти даярдоо. Бүтүрүүчүлөрдү билим берүү, социалдык жана илимий чөйрөдө өзүн-өзү өнүктүрүүгө, келечекте билим берүүнүн траекториясын ишке ашырууга даярдоо.

550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын “Информатика”
профили боюнча бакалаврларды даярдоонун милдеттери (М).

М-1. Коомдун жана өлкөнүн жогорку билимдүү, илимге таянган,  дүйнөнүн алдыңкы университеттери жана илимий мекемелери менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барган ​​квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларга болгон муктаждыктарын канааттандыруу;

М-2. 550200 Физика-математикалык билим берүү багытындагы «Информатика» профили  боюнча атаандыштыкка жөндөмдүү бакалаврларды даярдоо;

М-3. Окутуунун формаларын жана ыкмаларын өркүндөтүү, инновациялык технологияларды, УМО принциптерин киргизүү, окуу пландарын жана билим берүү программаларын эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү аркылуу дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо;

 М-4. 550200 Физика-математикалык билим берүү багыты боюнча бакалаврларды даярдоонун сапатын тынымсыз жогорулатуу, заманбап мектеп, педагогикалык илим, техника, маданият талаптарын жана алардын келечегин эске алуу менен «Информатика» даярдоо профилин өнүктүрүү;

М-5. Билим берүү, маданият жана тарбиялоо маселелерине багытталган колдонмо илимий изилдөөлөрдү, окуу-педагогикалык эксперименттерди уюштуруу жана өткөрүү, педагогикалык илимий  изилдөөлөрдүн натыйжаларын билим берүү мекемелерине жайылтуу.

НББПнын  күтүлүүчү  натыйжалары азыркы коомдун кесипкөй, компетенттүү жана атаандаштыкка  жөндөмдүү  адистерин  даярдоого негизделип, келечектеги информатика мугалимдери ээ болуучу кесиптик компетенцияларга маани берилген. Окутуунун күтүлүүчү натыйжаларын аныктоодо иш берүүчүлөр тарабынан  эмгек рыногунун талаптары эске алынып, кафедранын профессордук –окутуучулар курамынын катышуусу менен иштелип чыккан.

Окутуунун күтүлүүчү натыйжалары:

ОН-1 Гуманитардык, илимий-табигый, экономикалык дисциплинар боюнча базалык билимдерин кесиптик ишдмерүүлүгүндө колдоно алат.

ОН-2  Коомдук байланыш деңгээлинде мамлекеттик жана расмий тилдерде өз оюн негиздүү жана так айта алат жана  уюштуруу жана башкаруучулук баарлашууну ишке ашыра алат.

ОН-3 Кесиптик ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын талдай алат жана алган билимдерин кесиптик ишмердүүлүгүндө рационалдуу колдоно алат; адеп, кесиптик-адеп принциптерин пайдаланат.

ОН-4 Инсанга багытталган билим берүүнүн принциптерине ылайык окуу процесси үчүн оптималдуу шарттарды калыптандыруу менен (саламаттыкты сактоо, маданий көп түрдүүлүк ж.б.).окуучулардын ар кандай курактык топтору үчүн, билим берүүнүн ар кандай деңгээлдеринде жана профилдеринде жана ар кандай типтеги окуу жайларында окутуунун окуу процессин уюштура алат.

ОН-5  Кесиптик ишмердүүлүктүн милдеттерин аткарууга байланышкан маселелерди сын жана конструктивдүү талдоого жана чечүүгө жөндөмдүү. 

ОН-6  Кесиптик ишмердүүлүгүндө методикалык маселелерди чечүүнүн ыкмаларына (окутуунун методикасы, технологиялары жана ыкмалары, баалоо технологиясы) жана илимий-изилдөөнүн методдоруна ээ;

ОН-7 Окуучулардын жетишкендиктерин баалоодо өзүн-өзү баалоону, баалоонун критерийлерин колдонот, мониторинг жүргүзүп, ишмердүүлүктү пландаштырат. 

ОН-8 Кесиптик жактан өзүн-өзү өнүктүрүүгө, келечекте билим берүү траекториясын ишке ашырууга жана кесиптик  карьералык өсүп — өнүгүүгө жөндөмдүү.

ОН-9 Физика-математикалык билим берүү тармагында жаңы методдорду жана технологияларды колдонуу жана өнүктүрүү боюнча илимий-изилдөө маселелерин чечүүгө активдүү катышат жана илимий адабияттарды талдоону билет.

ЖКББ НББПны өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү

550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын “Информатика” профилинин бакалавр баскычында ЖКББ НББПсын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү:

  • күндүзгү окуу формасы үчүн 4 жыл;
    •  сырттан (дистанттык) окуу формасы үчүн 5 жыл.

550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын  “Информатика”
профилинин бакалавр баскычында ЖКББ НББПны өздөштүрүүнүн окуу жүктөмү

НББП өздөштүрүүнүн көлөмү окуу мөөнөтүнүн бардык мезгили ичинде ЖКББ Мамлекеттик стандарты боюнча 240 кредитти түзөт, окуу жылында эмгек сыйымдуулугу 60 тан кем эмес кредит, ар бир окуу семестринде 30 дан кем эмес кредитти түзөт, ал өз ичине бардык аудиториялык сааттарды, студенттин өз алдынча иштерин, практика жана НББП өздөштүрүүсүн текшерүүгө берилген убакытты камтыйт. №1-таблица. НББП өздөштүрүү көлөмү, мөөнөтү жана квалификациясы

550200 Физика-математикалык билим берүү багытындагы 550200 “Информатика профилинин НББП
аяктаганда бүтүрүүчүнүн окутуунун күтүлүүчү натыйжаларына ээ болуучу компетенциялары

Даярдоонун 550200 Физика-математикалык билим берүү багытындагы 550200  «Информатика» профили боюнча бүтүрүүчү НББПнын максаттарына жана ушул ЖКББнын мамлекеттик билим берүү стандарттынын 3.4 жана 3.8- пункуттарында  көрсөтүлгөн  кесиптик иштин милдеттерине ылайык төмөндөгү компетенцияларга ээ болушу керек:

а) универсалдык:

— жалпы илимий (ЖИК):

1-ЖИК. Айлана чөйрөдө илимий билимдерин колдонуп кескин баа берүүгө жашоонун, маданияттын баалуулуктарына багыттап, активдүү жарандык көз карашка ээ болуп, адамдарга сыйлоо жана сабырдуулук менен мамиле кылууга жөндөмдүү;

     — инструменталдык (ИК):

1-ИK. — Окуусу же иши боюнча  мамлекеттик, расмий жана  чет элдик бир тилде ишкердик байланыш жүргүзүүгө жөндөмдүү;

2-ИK .- Окуусу же иши боюнча  татаал маселелерди чечүү үчүн маалыматтык технологияларды колдонуу менен жаңы билимдерди алууга жана пайдаланууга жөндөмдүү;

3-ИK. — Кесиптик ишмердүүлүгүндө ишкердик билими менен ыкмаларды колдонууга жөндөмдүү;

— социалдык-жеке жана жалпы маданий (СИЖМК)

1- СИЖМК. Кесиптик ишкердүүлүктө айрым адамдардын же топтордун максатына жетишин камсыздоого жөндөмдүү;

б) кесиптик (КК):

1-КК.-психологиялык-педагогикалык компетенттүүлүктөрдү кесиптик милдеттерди чечүүдө колдонууга даяр жана педагогикалык изилдөөлөрдүн натыйжаларын кесиптик ишмердүүлүгүндө пайдаланууга жөндөмдүү;

2-КК.- методикалык проблемаларды (моделдер, методдор, окутуунун технологиялары жана ыкмалары) чечүүнүн ыкмаларына ээ жана окутуунун сапатын баалоонун технологияларын колдонууга жөндөмдүү;

3-КК. — инсанга жана туруктуу өнүгүүгө  (сергек жашоо, жаратылышты коргоо жана жаратылыш ресурстарын  рационалдуу пайдалануу, энергоэффективдүүлүк, маданий ар түрдүүлүк, гендер, инклюзия ж.б.)багытталган билим берүү жараяны үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;

4-КК. — окуучуларды социалдаштыруунун ыкмаларын жана жолдорун, техникасын, методикасын билет жана алардын адистикти туура тандоосу үчүн шарттарды түзүүгө жөндөмдүү;

5-КК. — билим берүү программаларын, аларга дидактикалык материалдарды өз алдынча тандай алат жана аларды адаптациялашкандан соң, окуу процессинде педагогикалык рефлексиянын негизинде колдоно билет;

6-КК. — окуу планына ылайык, программанын бөлүмдөрүнүн жана темалардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен предмет боюнча сабакты пландаштырууга жөндөмдүү;

7-ПК. — жүргүзүлгөн профессионалдык рефлексиянын негизинде өзүн-өзү өнүктүрүү багытында милдеттерди коё билет;

8-КК. — окутуунун интерактивдүү методдорун жана формаларын колдонуу менен, педагогикалык ишмердигин жүргүзүүгө жөндөмдүү;

9-КК. — окуучулардын ар кандай тармактардагы (акыл эс, социалдык, алеп- ахлактык ж.б.) өнүгүүсүнүн деңгээлин айырмалайт жана ар кандай терс таасирлерди – зомбулукту, баңги, алкоголь ж.б. жеңүүнүн үстүндө иш алып барууга жөндөмдүү;

10-КК. — окуу-тарбия процессинин сапатын камсыз кылуу үчүн окуучулардын жетишкендиктерин диагностикалоонун заманбап ыкмаларын жана технологияларын, методдорун колдонууга даяр;

11-КК. — ата-энелер, кесиптештер, социалдык өнөктөштөр менен баарлашууга даяр;

12-КК. — балдардын жаш жана жеке өзгөчөлүктөрүн жана өзгөчө билим берүү муктаждыктарын эске алуу менен алар менен баарлашууга даяр;

13-КК. — ар кандай жолдор менен окуучулардын окуу жана социалдык жетишкендиктерин баалай алат;

14-КК. — окуучулар менен жемиштүү кайтарым байланышта боло алат;

15-ПК. — окуучулардын реалдуу тажрыйбаларын өздөштүрүүсүнө көмөктөшөт жана аларды ой жүгүртүүгө, талдоо жүргүзүүгө үйрөтөт;

16-КК. — социалдык жана кесиптик милдеттерди чечүүдө гуманитардык, социалдык жана экономикалык илимдер боюнча алган системалуу теориялык жана практикалык билимдерин колдонууга жөндөмдүү;

17-КК. — ар түрдүү маалымат булактарын (окуу китептери, журналдар, массалык маалымат каражаттары, интернет булактары) рационалдуу пайдалануу менен окуучуларды теманын үстүндө өз алдынча иштөөгө үйрөтө алат;

18-КК. – окуу жагынан кыйындыкка дуушар болгон окуучуларды интегралдаштырат (өзгөчө билим берүү муктаждыктарына ээ балдар);

19-КК. — жеке жана өз алдынча билим алуунун ар кандай түрлөрүн пайдануу менен окуучулардын ар тараптуу ишмердүүлүгү үчүн шарттарды түзө алат;20-КК. — окуучулардын жетишкендиктерин баалоо үчүн ар кандай платформаларды жана критерийлерди колдоно алат.

Адистиктер

Адистиктин аталышыДаражасыОкуу формасыОкуу мөөнөтү
550200 Физика-математикалык билим берүү багыты
1550200 Математикабакалавриаткүндүзгү, сырттан, дистанттык4 жыл, 5 жыл, 5 жыл
2550200 Информатикабакалавриаткүндүзгү, сырттан, дистанттык4 жыл, 5 жыл, 5 жыл
3550200 Физикабакалавриаткүндүзгү4 жыл
4550200 Математика жана информатикабакалавриаткүндүзгү, сырттан4 жыл, 5 жыл
5510200 Колдонмо математика жана информатикабакалавриаткүндүзгү, сырттан, дистанттык4 жыл, 5 жыл, 5 жыл
6550100 Саламаттык сактоодогу информатика жана биомедициналык инженериябакалавриаткүндүзгү4 жыл

Кафедрада бакалавр багытынын 4 профили боюнча кадрларды даярдап, замандын талабына ылайык жогорку квалификациялуу адистерди чыгарууда.

2022-2023-окуу жылында кафедранын профессордук — окутуучулук курамында штатта: 12, алардын ичинен: 1 илимдин доктору, профессор, 3 илимдин кандидаты, доценттер, 1 доцент, 3 улук окутуучу, 3 окутуучу жана 1 методист  эмгектенишүүдө;

кош жумушчуда: 8, алардын ичинен:1 илимдин доктору, профессор, 3 илимдин кандидаты,  доценттер, 1 улук окутуучу, 3 окутуучу эмгектенишүүдө.

Математика, физика жана информатика кафедрасынын сапаттык көрсөткүчү:
жалпы: 48%;
штат боюнча: 45%.

Кафедранын студенттердин саны: 140
күндүзгү – 56 / 2; сырттан – 39, дистанттык -28, ал эми профиль боюнча:

математика профили  боюнча: 42
күндүзгү — 27/2; сырттан – 0, дистанттык -13;

информатика профили боюнча: 58, күндүзгү — 29/1; сырттан – 28;

колдонмо математика жана информатика профили боюнча: 26
күндүзгү — 0; сырттан –11, дистанттык -15.

Математика жана информатика профили боюнча: 10 күндүзгү — 10; сырттан –0, дистанттык-0.

Саламаттык сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия: 4, күндүзгү – 4

ИЧКИ МОБИЛДҮҮЛҮК
Кафедрада студенттердин жана окутуучулардын мобилдүүлүк  боюнча иштери ийгиликтүү ишке ашырылууда.

2022-2023 окуу жылында  математика жана информатика адистиктери боюнча күндүзгү окуу бөлүмүнө лицензия алынып МИ-1-22 тайпасы ачылды.
Ошондой эле 2019-жылы “Колдонмо математика жана информатика” адистигинин сырттан окуу бөлүмүнө лицензия алынып жана студенттер ПМз-19 тайпасына кабыл алынды.

Куттуктайбыз!

28.04.2022. Математика, физика жана информатика кафедрасынын ага окутуучусу Кыштообаева Чолпон Асанкуловнанын 13.00.02-окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (математика)илимий багыты боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасынын бекитилди жана дипломго ээ болду.

17.03.2023. Математика, физика жана информатика кафедрасынын окутуучулар жамааты коомдук, маданий жана илимий иш чараларда да өз активдүүлүктөрүн  көрсөтүүдө. Ошондой эле, Нооруз майрамына активдүү  катышышты.

Куттуктайбыз!

Ага окутуучу У. Э. Дуйшеналиева физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн коргоодон өтүп келди. 2-МАРТ 2023-ЖЫЛЫ ДИССЕРТАЦИЯЛЫК ИШИН КОРГОДУ. Жетекчиси – ф-мат. илим. доктору., профессор Керимбеков А.

15.12.2022. ТалМУнун математика, физика жана информатика кафедрасы жана Ж. Баласагын атындагы КМУнун математика жана маалыматтык технологиялары кафедрасы менен биргеликте конок лекция өтүлдү. Конок лекцияны физ-мат. Илимдеринин кандидаты Аскар кызы Лира “Программалоо жана программалоонун тилдери”аттуу темада өттү. Лекцияда кафедранын профессордук-окутуучулар жамаатына,  Инф-1-19, Инф-1-20, Инф-1-21 тайпаларынын студенттерине программалоо тилдери менен тааныштырды.Иш чаранын соңунда лекторго көптөгөн суроолор берилип, абдан кызуу талкуу болуп, мында келечекте дагы көптөгөн чогуу биргелешкен изилдөөлөр боло тулргандыгы жөнүндө маселелер каралды. Кафедранын жамааты ыраазылык билдиришти.

2022-2023 — окуу жылында ТалМУда 2022-ж. 25-ноябрдан  07-декабрга чейинки  72 сааттык көлөмдөгү квалификацияны жогорулатуу курсунун “Туруктуу өнүгүү үчүн билим жана биоартүрдүүлүктү сактоо” программасына окутуу курсу өтүлдү. Математика, информатика жана физика кафедрасынан төмөнкү окутуучулар сертификат алышты: п.и.к., доцент Раева М.Т., п.и.к., ага окутуучу Кыштообаева Ч.А. Ошондой эле, ага окутуучу Дуйшеналиева У.Э. STEM Teachers Professional Devolopment in Kyrgyzstan, 12 саат сертификатка ээ болду. Герцен атындагы университеттин жогорулатуу курсуна: п.и.к., ага окутуучу Кыштообаева Ч.А., ага окутуучу Дүйшеналиева У.Э. катышышты.
2023-жылдын 25-январынан 1-февралына чейин “Билим берүү сапаттын башкаруунун заманбап технологиялары”программасы боюнча жогорулатуу курсунаа катышып п.и.к., ага окутуучу Кыштообаева Ч.А сертификатка ээ болду.

МФИ кафедрасынын М-1-19 тайпасынын студенти Нурбекова Адинай окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн мериянын ардак грамотасына ээ болду.
Кафедранын окутуучулары жана студенттери спорттук ийримдерге активдүү катышып бир топ ийгиликтерди жаратууда.
2021-2022-окуу жылында ТалМУда студенттер үчүн өтүлгөн илимий-практикалык конференцияда математика, информатика жана физика кафедрасынын Инф-1-19, Инф-1-20 группасынын студенттери 2-3-орунду багындырышты.

2022-2023-окуу жылында Кафедранын математика жана информатика профилдеринин студенттери адаптациялык, кесиптик-базалык жана кесиптик-профилдик практикаларынан ийгиликтүү жана сапаттуу өтүп келишти.

3-декабрь Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата Талас мамлекеттик университетинин “Табият таануу жана педагогика” факультетинин математика, физика жана информатика кафедрасынын окутуучулары, студенттер менен биргеликте Талас районунун Кум-Арык айылындагы Талас атайын жалпы билим берүүчү көмөкчү жатак мектебине материалдык колдоо көрсөтүштү

3-декабрь Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата Талас мамлекеттик университетинин “Табият таануу жана педагогика” факультетинин математика, физика жана информатика кафедрасынын окутуучулары, студенттер менен биргеликте Талас районунун Кум-Арык айылындагы Талас атайын жалпы билим берүүчү көмөкчү жатак мектебине материалдык колдоо көрсөтүштү

14.11.2022. ТалМУда  Илим күнү белгиленди. Мында илимдеги ийгиликтүү жетишкендиктери үчүн математика, физика жана информатика кафедрасынын п.и.к, доцент М.Т. Раева грамота жана “Сандык методдор курсун окутуу  процессинин компоненттери” деген темада мазмундуу илимий баяндама жасагандыгы үчүн п.и.к., ага окутуучу Кыштообаева Ч.А. грамота менен сыйланышты.

Ошондой эле, Табият таануу жана педагогика факультетинин өткөрүлгөн илим күнүндө “Математика предмети боюнча олимпиадага даярдоонун көйгөйлөрү” мазмундуу баяндама жасагандыгы үчүн факультеттин грамотасы менен кафедранын окутуучусу С.Ш. Боруева сыйланды.

29.12.22. ТалМУнун жыл мыктыларын  аныктоонун жобосунун негизинде өткөрүлүүчү номинацияларында  математика, физика жана информатика кафедрасынын п.и.к, ага окутуучу Ч.А. Кыштообаева мыкты ага окутуучу номинациясына татыктуу болду.

Математика, физика жана информатика адистигинин студенттери ар кандай долбоорлор менен иш алып барышып, грамота жана сертификаттарга татыктуу болушту.

Математика, физика жана информатика кафедрасынын жамааты

2016-жылы математика, физика жана информатика адистиктери боюнча күндүзгү окуу бөлүмү боюнча лицензия алынган. 2016-жылы математика жана информатика адистиктери боюнча сырттан окуу бөлүмүнө лицензия алынып Мз-16 тайпасы ачылды.

2018-жылы математика, физика жана информатика кафедрасынын алдында “Колдонмо математика жана информатика” адистиги ачылып, ошол эле жылы КООБнын КАС адистигинин студенттери “Kолдонмо математика жана информатика” адистигинин 2-курсуна кабыл алынып ПМ-17 тайпасы ачылды. Ошондой эле 2019-жылы “Колдонмо математика жана информатика” адистигинин сырттан окуу бөлүмүнө лицензия алынып жана студенттер ПМз-17 тайпасына кабыл алынды.

2018-2019- окуу жылында ТалМУга Түштүк Кореянын “KOICA” долбоорунун негизинде ыктыярчы Ди Кей Мин бир жылдык мөөнөт менен математика, информатика жана физика кафедрасына бекитилген. Ыктыярчы ДиКей Мин ТалМУнун профессордук окутуучулар жамаатына жана студенттерине IT программаларын окутуу курсун өттү. Окутуучулар жана студенттер сынак тапшыруунун негизинде эл аралык деңгээлдеги сертификаттарга ээ болушту. Математика, информатика жана физика кафедрасынан төмөнкү окутуучулар сертификат алышты: Раева М.Т, Абдыраимов Э.А, Раева Ч.Т, Кыштообаева Ч.А, Дүйшеналиева У.Э.

 М-19 тайпасынын студенттери: Масалбекова, Заитканова, Социалиева, Нурбекова, Каныбек к. Айзада жана Эралиева.

ТалМУнун студенттик кеңешинин төрагасы М-16 тайпасынын студенти Токтобеков Мадияр окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн “KOICA” долбоорунун стипендианты болду.

ТалМУда “Ыйык Ата Журт Талас” коомдук жаштар фонду тарабынан өткөрүлгөн “TalasQuiz” билим жарышы факультет аралык деңгээлде өткөрүлүп, мында М-1-16 группасынын студенттери Кадырбаева Уулкелсин жана Каныбек уулу Кайназар жана М-1-18 группасынын студенттери Орозбек уулу Ж, Искаков Жанарбек ийгиликтерди жаратып 3-орунду багындырышты.

Кафедранын окутуучулары жана студенттери спорттук ийримдерге активдүү катышып бир топ ийгиликтерди жаратууда. Атап өтсөк, доцент Стамалиева К.А университеттер аралык волейбол боюнча таймашка катышып мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн  дипломго ээ болду.

2018-2019-окуу жылында ТалМУда студенттер үчүн өтүлгөн илимий-практикалык конференцияда математика, информатика жана физика кафедрасынын ПМ-1-17 группасынын студенттери Медетбек уулу Нурбол жана Жолдошбек уулу Эрбол 1-орунду жана М-1-16 группасынын студенттери Каныбек уулу Кайназар, Токтобеков Мадияр 2-3-орунду багындырышты. Ошондой эле ушул эле группанын студенти Анашпек кызы Анаркан пленардык отурумга катышып грамотага ээ болду.

26.04.19. ТалМУда “Аймактарды өнүктүрүүнүн жана санариптештирүүнүн актуалдуу маселелери” аттуу 16-студенттик илимий тажрыйбалык конференция болуп өттү. Конференцияда АЯ-1-19 группасынын студенти  доклад окуп, 1-орунга, жетекчиси ага окутуучу Ч.А. Кыштообаева, М-1-18 группасынын студентти Искаков Жанарбек 2-орунга, жетекчиси ага окутуучу Ч.А. Кыштообаева  3-орунга ээ болушту.

25.03. 2020. ТТПФ нын математика, физика жана информатика кафедрасында окуу процесси интернет технологиясын колдонуу менен, онлайн сабактар AVN 85 окуу порталы, zoom жана WhatsApp, Классрум программалары аркылуу өтүлдү.

3-декабрь Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата Талас мамлекеттик университетинин “Табият таануу жана педагогика” факультетинин математика, физика жана информатика кафедрасынын окутуучулары, студенттер менен биргеликте Талас районунун Кум-Арык айылындагы Талас атайын жалпы билим берүүчү көмөкчү жатак мектебине материалдык колдоо көрсөтүштү.

М-16 группасынын студенти Токтобеков Мадияр окууда жана маданий иш чараларда көрсөткөн ийгиликтери үчүн Президенттик стипендиага татыктуу болду.

18.03.21. ТалМУнун математика, физика жана информатика кафедрасында теориялык илимий семинар болуп өттү. Семинарга кафедранын окутуучулары жана студенттери катышышты.

17.04.21. ТалМУда “Азыркы коомдогу нравалык баалуулуктар жана билим берүү системасын өнүктүрүүнүн эффективдүү инструменттери” аттуу 18-студенттик илимий тажрыйбалык конференция болуп өттү. Конференцияда М-1-18 группасынын студенти Акылбекова Шайым “Теңдемелерди өзгөчө чыгаруу жолдору жана ыкмалары” аттуу темада доклад окуп, 1-орунга, жетекчиси доцент К.А. Стамалиева, М-1-19 группасынын студенттери Эралиева Миргүл, жетекчиси Стамалиева К.А., Нурбекова Адинай 2-орунга, жетекчиси доцент Раева М.Т., М-1-19 группасынын студенти Заитканова Ажар  3-орунга, жетекчиси ага окутуучу Ч.А. Кыштообаева ээ болушту.

10.11.2021. ТалМУда  Илим күнү белгиленди. Мында илимдеги ийгиликтүү жетишкендиктери үчүн математика, физика жана информатика кафедрасынын ага окутуучусу Ч.А. Кыштообаева ардак грамота жана ага окутуучу У.Э. Дүйшеналиева грамота менен сыйланышты.

29.12.2021. ТалМУнун жыл мыктыларын  аныктоонун жобосунун негизинде өткөрүлүүчү номинацияларында  математика, физика жана информатика кафедрасынын доценти М.Т. Раева мыкты доцент номинациясына жана ага окутуучу Ч.А. Кыштообаева мыкты аспирант-изденүүчү номинациясына татыктуу болушту.

1.12.21. ТалМУнун математика, физика жана информатика кафедрасынын ага окутуучусу С. Сагынбаева информатика адистигинин 2-курсунун студенттери Инф-19 менен “Компьютердин архитектурасы” деген темада республиканын деңгээлинде ачык сабак өттү. Ачык сабакка университеттин окуу жана илимий иштер боюнча проректору профессор С.С. Жумалиев, университеттин билим берүүнүн сапат бөлүмүнүн адиси  М.М. Шайланова жана мүчөлөрү, кафедранын окутуучулары катышышты.

Кафедранын окутуучулары  жана кафедра башчысы М.Т. Раева колдонмо математика группасынын 4-курсунун студенттери ПМ-17 менен пикир алмашууда.

17.12.21. ТалМУнун математика, физика жана информатика кафедрасынын ага окутуучусу У.Э. Дүйшеналиева математика адистигинин 2-курсунун студенттери менен “Каноникалык теңдемелери менен берилген экинчи тартиптеги ийри сызыктар жана беттер” деген темада университеттин деңгээлинде ачык сабак өттү. Ачык сабакка университеттин сапат бөлүмүнүн адиси  М.М. Шайланова жана мүчөлөрү, кафедранын окутуучулары катышышты.

23.12.21. Окутуунун жаңы парадигмалары жана компетенттүүлүк деген темада билим берүү стандартты жөнүндө семинарды профессор Ш.Ж. Курманкулов өттү. Семинар абдан кызыктуу болду.

ТалМУнун математика, физика жана информатика кафедрасы иш берүүчүлөр (стейкхолдерлер) менен жолугушуу өткөрүп ТалМУ менен мектептердин ортосундагы келишимдер, билим берүү программалары, адаптациялык, педагогикалык, мамлекеттик практикалардын өтүлүшү, кадр маселеси, билим берүүнүн күнгөйү жана тескейи, математика, информатика, колдонмо математика жана информатика адистиктиктеринин аккредитациядан өтүүгө даярдыгы, аккредитациянын талаптары туурасында маалыматты кафедра башчысы п.и.к., доцент М.Т. Раева берди. Жыйындын жүрүшүндө иш берүүчүлөргө, математика мугалимдерине сөз берилип өздөрүнүн ой — пикирлерин, сунуштарын билдиришти. иш берүүчүлөрдүн суроолоруна кафедра башчысы жана окутуучулар тарабынан жооптор берилип, маалымдалды. Жыйынтыгында иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр тарабынан анкеталар толтурулду.

ТалМУнун математика, физика жана информатика кафедрасы жана И. Арабаев атындагы КМУнун математика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы менен биргеликте конок лекциялар өтүлдү.

Кафедрада студенттердин жана окутуучулардын мобилдүүлүк  боюнча иштери ийгиликтүү ишке ашырылууда.

  1. Ош декларациясынын алкагында барган студенттердин тизмеси

Ички мобилдүүлүк 2016-2020 ж.ж.

ОшМУда билим алышкандар  
1Жаныбаева Салтанат Жеенбековна«550200-Математика»32017-2018 6-сем.
2Эрмек кызы Айканыш«550200-Математика»32017-2018 6-сем.
3Медетбек уулу Нурбол510200 Прикладная математика32019-2020 6-сем.
4Жолдошбек уулу Эрбол510200 Прикладная математика32019-2020 6-сем.
  •  Долбоордун алкагындагы стажировкалар:

МФИ кафедрасынын окутуучулары Батырбеков Д,   Раева Ч.

  •  КОЙКА Агенттиги өткөргөн курска катышкан окутуучулар
  • М-16 группасынын студенти Токтобеков Мадияр КОЙКА Агенттигинен  стипендияга татыктуу болду.

09.03.22. ТалМУнун математика, физика жана информатика кафедрасынын ага окутуучусу Ч.А. Кыштообаева информациялык системалар жана технологиялар адистигинин 1-курстун студенттери менен  “Аныкталбаган жана аныкталган интегралдар” деген темада университеттин деңгээлинде ачык сабак өттү. Ачык сабакка университеттин сапат бөлүмүнүн адиси  М.М. Шайланова жана мүчөлөрү, кафедра башчысы жана окутуучулары катышышты.

12.02.2022. 11-февраль жыл сайын “Аялдардын жана кыздардын илимдеги күнү”катары белгиленип келет. 12-февралда Талас шаарындагы Билимкана мектебинде “Республикабыздын аймактарында билим берүүнү өнүктүрүү үчүн илимдеги кыздар күнү” деген темада тренинг болуп өттү. Тренинге ТалМУнун математика, физика жана информатика кафедрасынын ага окутуучусу Ч.А. Кыштообаева катышып, илимдеги аялзатынын ордун белгилеп, окучууларды математикага кызыктуурунун жолдору туурасында айтып катышуучуларга дем берди.

10.03.22. Табият таануу жана педагогика факультетинин, математика, физика жана информатика кафедрасында 8 – март аялдардын эл аралык күнүнө карата М-20 жана Инф-20 адистиктеринин студенттери тарабынан даярдалган кече өттү.  Бул кечеге математика жана информатика кафедрасынын каф.башчысы С.К. Стамалиева, сапат бөлүмүнүн адиси М.М. Шайланова жана кафедранын окутуучулар жамааты катышышты.

Математика, физика жана информатика кафедрасынын студенттери коомдук, маданий жана илимий иш чараларда да өз активдүүлүктөрүн  көрсөтүүдө. Ошондой эле, Инф-21, М-20, Инф-20, М-19 группаларынын студенттери грамота, сертификаттарга ээ болушту.

Жыл сайын өтүлүүчү профориентациялык иштерде математика, физика жана информатика кафедрасынын окутуучулары активдүү иш алып барышууда.

Жыл сайын өтүлүүчү практикаларда математика, физика жана информатика кафедрасынын студенттери ийгиликтүү иш алып барышууда.

[/spoiler]

Общая характеристика образовательной программы высшего профессионального образования (бакалавриат)

092Ресурстук борбор кафедрада өткөн ар түрдүү иш-чараларда студенттерге жана окутуучуларга зор көмөк берет. Борбор жаңы технологиялар менен жабдылган. Борбордун базасында семинарлар, тегерек столдор, методикалык секциялардын отурумдары өткөрүлүп турат.

Математика, информатика адистигинде окуган студенттер илимий-изилдөө потенциалын жогорулатуу максатында өткөрүлгөн илимий конференцияларга, семинарларга активдүү катышышат.

090       

«Математика, информатика жана физика» кафедрасынын жетишкендиктери!

27-декабрь 2017-ж. Жылдын мыкты ага окутуучусу номинациясы!

27-декабрь 2017-жылында, ТалМУнун ректору Упенов А. Ш. жана проректор Жумалиев С. конкурстун жыйынтыгын чыгарышты. Конкурстун жыйынтыгы боюнча, жылдын мыкты ага окутуучусу номинациясына «Математика, информатика жана физика» кафедрасынын ага окутуучусу Кыштообаева Ч. А. ээ болду…

9-11- ноябрь 2017ж .Семинар – тренинг.

ТалМУда 9 – 11 – ноябрда 2017 – жылы « Интерактивдүү методдор, окутуунун формалары жана аны колдонуунун каражаттары» аттуу темада семинар тренинг өттү. Бул семинарга «Математика, информатика жана физика» кафедрасынын кафедра башчысы доц. Раева М .Т., ага окутуучулар Кыштообаева Ч, Дуйшеналиева У катышты. Семинар теориялык жана практикалык багытта болду…

23.11.2017 саат 15.00дө ТалМУда “Окутуунун мазмуну, максаты жана жыйынтыгы” аттуу темада семинар болду.

Семинарды ТалМУнун  окуу жана илимий иштер боюнча проректору Тургунбаев М.С өттү. Бул семинарга «Математика, информатика жана физика» кафедрасынын кафедра башчысы доц. Раева М .Т., доц, Стамалиева К.А, доц. Шайланова М. М, п.и.к. Раева Ч. Т, ага окутуучулар Акматалиев З, Абдраимов Э, Батырбеков Д, Кыштообаева Ч, Дуйшеналиева У ж.б. катышышты…

18-ноябрь күнү интерактивдүү доска жөнүндө Бакеев Эркин семинар өттү.
Семинарга «Математика, информатика жана физика» кафедрасынын окутуучулары: доц. М.Т. Раева, К.А. Стамалиева, М.М. Шайланова жана Ч.Т. Раева; ага окутуучулар: Д.А. Батырбеков З.Т. Акматалиев, У.Э. Дуйшеналиева жана Ч. Кыштообаева; окутуучулар: Э.А. Абдраимов, Д.А. Касымбекова
катышып интерактивдүү доска жөнүндө кеңири маалымат алышты.

1-декабрь “Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө” карата ТалМУнун Табият таануу жана педагогика факультетинде “Математика, информатика жана физика” кафедрасы чакан иш-чара өттү.   Бул иш-чарага Талас облустук СПИД центрден пом.эпидемия адиси Турдубаева Зульфия катышты. Өтүлгөн иш-чарада “Математика,информатика жана физика” кафедрасынын студенттери денсоолук жөнүндө ыр менен баштап, ар кандай кызыктуу маалымат камтылган докладтар сценка түрүндө коюлуп ,слайдтар көрсөтүлүп, иш-чаранын жыйынтыгында  “ Dance for life-ВИЧти жана СПИДти токтотуу ” дүйнөлүк проекттин бийи менен жыйынтыктады.

25.11.2017 саат 09.30дө ТалМУда “Окуу процессиндеги тестирлөөнү колдонуунун теориясы жана усулу” аттуу темада семинар болду. 

Семинарды Бишкектеги Коомдук технология борборунун эксперти, г. и. к  Тиленова Дамира эже өттү. Бул семинарга «Математика, информатика жана физика» кафедрасынан доц. Шайланова М. М, ага окутуучу Кыштообаева Ч ж.б. катышты…

2016 – 2017 жж кесипти жогорулатуу жана SEA методу боюнча өтүлгөн семинарлар.

Бул семинарларды «Математика, информатика жана физика» кафедрасынан  доц. Раева М. Т, доц. Шайланова М. М, ага окутуучу Акматалиев З студенттерге жана математика кесибинде иштеген мугалимдерге өтүшкөн…

«Орто мектептерде математиканы окутуу процессиндеги көйгөйлүү маселелер» аттуу темадагы семинар.

Бул семинарды «Математика, информатика жана физика» кафедрасынан доц. Стамалиева К. А эже студенттерге жана окутуучулар жамаатына  өттү. Семинар кызыктуу болду.

«Математика, информатика жана физика» кафедрасынан ага окутуучусу Батырбеков Д компьютердик класста сабак учурунда…

 

18 — октября 2017-ж  «Использование автоматизированной информационной системы «AVN» аттуу темада семинар болду.              

Семинарды «Математика, информатика жана физика» кафедрасынын ага окутуучусу Батырбеков Д.А. МФИ  жана ПНО кафедрасынын окутуучуларына өттү.

Сентябрь-октябрь 2017-ж «Оценка удовлетворительности потребителей» жана  «Проведение исследований, направленных на оценку качества образовательного процесса кафедры математика, физика, информатика» деген темаларда  окуу иштери боюнча проректор М.С. Тургунбаев, ага окутуучу  Д.А. Батырбеков   атайын методикалык көрсөтмөлөрду иштеп чыгышты. Ошондой эле деканат, УМС студенттерден жалпы анкета алышты.

Кафедра тарабынан студенттерден жана окутуучулар жамаатынан анкета алынды. ОРТга даярдоо графиги түзүлдү.

Кафедра математики, физики и информатики тесно сотрудничают с Таласским методическим центром образования. Ведущие сотрудники кафедры д.п.н., проф. Ш.Ж. Курманкулов, к.п.н.,доц. М.Т. Раева, к.п.н.,доц. М.М. Шайланова, старший преп. Д.А. Батырбеков систематически ведут курсы повышения  для учителей школ г. Талас и Таласской области.

Разработана программа наставничества и утвержден  на заседании кафедры МФИ (от 23.10.17 протокол №2). Составлен “Индивидуальный план наставничества”  и утвержден (от 23.10.17 протокол №2). В конце учебного года молодой  специалист сдает отчет.         Д.п.н., профессор Курманкулов Ш.Ж.- наставник, соискатели Акматалиев З.Т. и Абдырайымов Э.А. будут работать по научной работе.

Педагогикалык дебют-2018-8” дүйнөлүк

А. Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда ЖОЖдор аралык өткөрлүүчү «Педагогикалык дебют-2018-8» сынак фестивалына талас мамлекеттик университетинен 8 студент катышкан. Анын ичинен 2 студент математика адистигинен М-1-15 группасынан барды. Алар Тюлежанова Эльмира жана Мамышова Адина. Жогорудагы студенттер жакшы жетишкендиктери үчүн грамоталарга ээ болуп, белекке китептерди алышты.

Математика, физика жана информатика кафедрасынын курамы

1. Раева Майрамкул Тургунбековна
2. Стамалиева Калымкан Асаналиевна
3. Шайланова Майрамкан Мукановна
4. Раева Чынаркүл Тургунбековна
5. Абдырайымов Эркинбек Абдылдаевич
6. Батырбеков Догдурбек Атаярович
7. Акматалиев Замир Турусбекович
8. Кыштообаева Чолпон Асанкуловна
9. Дуйшеналиева Урумкан Эрмековна
10. Дуйшеева Гулина Жоломановна
11. Касымбекова Динара Аскарбековна
12. Мамырова  Чолпон  Абжалбековна
13. Боруева Сагын Шаршеновна
Прокрутить вверх