Акыркы жаңылыктар
15-июнь күнү Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул салтанаттуу иш-чарага катышуу үчүн Талас мамлекеттик университетинин ректору Ж.С.Шаршембиев катышты. Борбордук Азия Университети менен Талас мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлган. Аталган окуу жайды быйыл 26 студент ийгиликтүү аяктады. Бүтүрүүчүлөрдү Билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаева куттуктады. Кечеге университеттин ардактуу профессорлору, ата-энелер жана окуу жайлардан коноктор чакырылган.
Талас мамлекеттик университетинде «Борбордук Азияда санариптик колдоо менен биоартүрдүүлүктүн негизинде айыл чарба жерлерин башкаруу» деген аталышта эл аралык илимий долбоор жүрүп жатат. Илимий долбоорду Германиянын Киел университети, Оснабрюк университети, Оснабрюк прикладдык илимдер университети жана Кыргызстандан Нарын, Талас университеттери менен биргеликте ишке ашырышууда. Аталган долбоордун максаты жана милдеттери болуп, Кыргызстандын анын ичинде Талас, Нарын облусундагы айыл чарба жерлериндеги топурактардын үлгүлөрүн алуу жана лабораториялык илидөөлөрдү жүргүзүү, өсүмдүк биомассасын изилдөө, отоо чөптөрдүн түрлөрүн аныктоо болуп саналат. Ошондой эле, белгиленген координаттарды сүрөткө тартуу үч денгээлде жүргүзүлүүдө: жерден, дрон аркылуу жана комостон. Бул илимий долбоордун талаа шартта изилдөөлөрүн Киел университетинин PhD студенти Максимилиан жана Талас, Нарын университеттеринин аспиранттары Адилет, Мырзабек жүргүзүшүүдө. Илимий долбоордун жетекчиси: а.ч.и.к., доцент Упенов А.Ш.
- Талас мамлекеттик университетинде коррупцияга каршы күрөшүүнүн алдын алуу боюнча ректордук кеңешме болуп өттү.2025-жылдын 20-январь күнү Талас мамлекеттик университетинде коррупцияга каршы күрөшүүнүн алдын алуу боюнча… Читать далее: Талас мамлекеттик университетинде коррупцияга каршы күрөшүүнүн алдын алуу боюнча ректордук кеңешме болуп өттү.
- ТалМУда “SCAFFOLD” усулу боюнча компетенттүүлүккө багытталган сабактарды иштеп чыгуу үчүн карточкаларды колдонуу боюнча чебер- класстарды өтүштү.ТалМУда “SCAFFOLD” усулу боюнча компетенттүүлүккө багытталган сабактарды иштеп чыгуу үчүн карточкаларды колдонуу… Читать далее: ТалМУда “SCAFFOLD” усулу боюнча компетенттүүлүккө багытталган сабактарды иштеп чыгуу үчүн карточкаларды колдонуу боюнча чебер- класстарды өтүштү.
- “Арт-терапия мектеп окутуучуларынын эмоционалдык абалын диагностикалоо жана коррекциялоо үчүн эффективдүү технология” деген темада ачык сабак өттүлдү.Талас мамлекеттик университетинин Табият таануу жана педагогика факультетинин Педагогика кафедрасынын окутуучусу Асилбек… Читать далее: “Арт-терапия мектеп окутуучуларынын эмоционалдык абалын диагностикалоо жана коррекциялоо үчүн эффективдүү технология” деген темада ачык сабак өттүлдү.