Математика- техникалык дисциплиналар секциясы

Секциянын тарыхы
Математика жана техникалык дисциплиналар секциясы 2009-жылы Талас мамлекеттик университетинин алдындагы колледждин базасында табият таануу факультетинин физика-математика секциясынын аталышы менен уюшулуп, кафедра башчысы болуп Сатаева Лариса Асанкуловна дайындалган. Андан соң Талас мамлекеттик институтунун алдындагы математикалык дисциплиналар секциясы болуп кайра түзүлгөн.

Алгач Математика-техникалык дисциплиналар секциясы 2009-жылы  ТалМУнун алдындагы КОБББнын (колледж) физика-математикалык илимдер секциясы деген аталыш менен уюшулган.

2010-жылы “Математика-техникалык дисциплиналар” секциясы болуп өзгөртүлгөн.

Секция башчысы — Бокоева Мунара Кенешбековна

Секциянын алгачкы негиздөөчүсү жана уюштуруучусу катары Сатаева Лариса Асанкуловнанын салымы чоң.  Ал 2009-жылдан баштап Математика-техникалык дисциплиналар секциясынын башчысы болуп эмгектенген. Жаңы түптөлүп келаткан окуу жайдын бир бөлүмү болгон Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча), Электр менен жабдуу (тармактар боюнча) жана Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо адистиктеринин өнүгүүсүнө бүт аракетин жумшап, кесиптик орто билим берүүчү окуу жайдын талаптарына жооп берүүсүнө көп көңүл бурган. Секциянын материалдык-техникалык базасынын түптөлүшүнө жана жаш кадрларды илимге багыттоодо да кошкон салымы чоң.

Сатаева Лариса Асанкуловна

Окуутучулар курамы

Секциянын түптөлүшүнө  п.и.д. Курманкулов Шекербек Жанышбаевич, т.и.к., доцент Абдырахманов Иманбек Асанович, Ташматов Чолпонбай Орозбекович,  Билим берүүнүн мыктысы Абдыбалиев Дүйшөнбек Керимбаевич жана Алымбекова Анипа Тургунбековна, Джумабеков Мидин Сагынбекович,  Сатаева Лариса Асанкуловна, Кынат Шергазы, Орозалиев Азамат Төлөгөнович, Бокоева Мунара Кеңешбековна, Кыдыралиев Сабыр Рысманбетович, Учуров Вячеслав Александровичтин, Калдымолдоев Улан Эркинбекович, Норзалиева Гүлбар Сагынбековна,  ж.б. салымдары чоң.  Акыркы жылдары секциянын курамы жаныдан жаш, билимдуу, жаны идеяларга бай окутуучулар менен толуктанып турууда Садырбаева Чолпон Ырызбековна, Ван Анастасия Александровна, Ералиева Назира Раимкуолвна, Бекмуратова Индира Замировна, Асанова Мирзат Асановна, Рысалиева Роза Болотбековна, Джумагулов Ислам Музурович, Солтонбекова Кумушкан Джетигеновна.

Адистиктер

2009-2010-окуу жылынан баштап техника багытындагы төмөндөгү 2  адистикти дайындап чыгарса:

Бүгүнкү күнү “Математика-техникалык дисциплиналар” секциясы 6 адистик боюнча адистерди даярдап чыгарышууда:

Бүгүнкү күндө 319 студент кундузгу болумундо, ал эми 16 студент сырттан окуу болумундо окуп билим алышууда

“МТД” секциясында  жалпы 29 окутуучу эмгектенүүдө, алардын ичинде штаттык курамда-16, 4 сырткы кош жумушчу, 9 ички кош жумушчу.Техника илимдеринин доктору -1, педагогика илимдердин кандиданты — 3,  физика – математика илимдеринин кандидаты -1, эл агартуунун отличниги -2 узурлуу эмгектенип келишуудо.

Материалдык-техникалык базасы

Окуу планына ылайык секциянын окутуучулары 96 дисциплинаны тейлейт. Окутуучулар тарабынан типтүү программалардын негизинде окуу-усулдук комплекстер, жумушчу программалары иштелип чыккан. Лабораториянын материалдык базасы адистик предметтердин талаптарына толук жооп берет.

№5 компьютердик класста заманбап   i3 үлгүдогү   19 даана компьютер 1 проектор орнотулган, экинчи класста  2 ядерлүү 19 компьютер орнотулган. №6 компьютердик класста  10 компьютер орнотулган. Локалдык тармакка 38 компьютер кошулган. Бардык компьютердик класста бүткүл дүйнөлүк INTERNETке чыгууга мүмкүнчүлүгу бар. “МИЧАСжБ” адистиктери үчүн компьютерлер төмөндөгү программалык камсыздоолор менен жабдылган: программалык тилдер Turbo Pascal 7,0,  графика АutoCad, Corel Draw, Adobe Photoshop CS, Cisco IOS. PHP. HTTP. Visual studio code, Sublime text. Javascript. Css.. C++. Python

Материалдык-техникалык базасынын галереясы

Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо базасы

90604 «Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо»

Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо адистигинен автомобилдердин түзүлүшү боюнча лаборатория, жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча кабинет,  слесардык жана жыгач мастерскаясы түзүлгөн. Автомобилдин түзүлүшү, азыктандыруу системасы, кыймылдаткычтардын кесилиши, коробка кыймыл өткөрүүчү кутунун кесилиши, арткы мостун кесилиши ж.б. боюнча стенддер, макеттер жасалган. Кабинеттерде видео жана аудио сабактарды өтүү үчүн 2 плазмалык телевизор, жеке персоналдык компьютер орнотулган.

Акыркы жылдар ичинде окутуучулардын курамы тарабынан 10 окуу-методикалык көрсөтмөлөр жана К.Т.Шамуратов тарабынан “Автомобиль транспортунун коопсуздугу” аттуу  окуу методикалык колдонмо, Ш.Ж.Курманкулов, Л.А.Сатаева тарабынан мектеп мугалимдери үчүн “Табигый предметтерди окутуунун инновациялык ыкмалары” аттуу усулдук колдонмо типографиялык ыкма менен басмадан басылып чыгарылды.

«Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)» базасы

Электр менен жабдуу (тармактар боюнча) адистиги боюнча 2 кабинет, 1 плазменный телевизор, компьютер жана 13 лабораториялык иш жүргүзүү үчун стенддер, жогорку чыналуудагы макеттер жана плакаттар менен жабдылган. Ошондой эле студенттер практикалык сабактарды келишимдин негизинде “Талас Электр Тармактар Ишканансы” нын полигонунда өтүшөт.

“Ачык тоо-кен иштери” базасы

130403 “Ачык тоо-кен иштери”

«Ачык тоо-кен иштери» адистиги боюнча 3 лабораториялык кабинет: 1 геология кабинети, тоо-кен иштерин иштетуучу машиналарынын банерлери, жабдуулары, плакаттары, маникен, тоо-кен пародалары учун атайын шкафы бар.

Иш беруучулор менен жолугушуу

08.12.2023 Математика-техникалык дисциплиналар секциясы тарабынан «Маалыматтардын автоматташтырылган системасы жана башкаруу», «Компьютердик системалар жана комплекстер» адистиктеринин иш берүүчү, бүтүрүүчүлөрү менен негизги билим берүү программасы, окуу планынын элективдүү бөлүгүнө киргизилүүчү дисциплиналар, окуу жай менен иш берүүчүлөрдүн кызматташуусун бекемдөө үчүн тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго КОБББнын математика — техникалык секциясынын окутуучулары, жумуш берүүчүлөр: ТФ ААК «Кыргызтелеком», ААК ТФ «Бакай Банк», УТРК Талас, Талас электр тармактар ишканасынын IT адистери, Технология-экономикалык факультети, Билимкана, ж.б. жумуш берүүчүлөр, аталган адистиктеринин бүтүрүүчүлөрү жана КАС-1-21, КСК-1-21 тобунун студенттеринин катышуусунда болуп өттү.Тегерек столдун катышуучуларынан онлайн сурамжылоо алынды.

Өтүлгөн иш-чара өз максатына жетип жыйынтыкталды.

Прокрутить вверх