{:kg}Жаңылыктар{:}{:ru}Новости{:}

Light Up Led Mods

23-февраль Мекенди коргоо күнү Талас мамлекеттик университетинде салтанаттуу белгиленди.

23-февраль Мекенди коргоо күнү Талас мамлекеттик университетинде салтанаттуу белгиленди. Алгач ТалМУнун ректору Ж.С. Шаршембиев жалпы мырзаларды майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалап,окуу жайдын өнүгүшүнө колдоо көрсөткөндөргө жана студенттерге билим берүүдө жана тарбиялоодо кошкон зор салымы үчүн окутуучуларды ТалМУнун Ардак грамотасы менен сыйлады. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы К. Джаныбеков , Мамлекеттик тил, инфраструктураны өнүктүрүү жана […]

23-февраль Мекенди коргоо күнү Талас мамлекеттик университетинде салтанаттуу белгиленди. Читать далее »

Талас мамлекеттик университетинин “Ардактуу профессору”, техника илимдеринин кандидаты, доцент Абдырахманов Иманбек Асанович 2026-жылдын 9-февралында дүйнөдөн кайтты.

Некролог Өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармагы, ошондой эле өндүрүш жана инженердик чөйрө орду толгус чоң жоготууга учурады. Талас мамлекеттик университетинин “Ардактуу профессору”, техника илимдеринин кандидаты, доцент Абдырахманов Иманбек Асанович 2026-жылдын 9-февралында дүйнөдөн кайтты. Агайдын басып өткөн жолу, билим берүүгө жана мекендин өнүгүүсүнө арналган өрнөктүү өмүр жол болду. Абдырахманов Иманбек Асанович 1954-жылы 25-октябрда Кыргыз Республикасынын

Талас мамлекеттик университетинин “Ардактуу профессору”, техника илимдеринин кандидаты, доцент Абдырахманов Иманбек Асанович 2026-жылдын 9-февралында дүйнөдөн кайтты. Читать далее »

Бүгүн Талас мамлекеттик университетинде “Бангизатка көз карандылык: себептери, кесепеттери жана алдын алуу жолу” деген темада семинар- талкуу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2025-жылдын 31-июлундагы N460 “Кыргыз Республикасында жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушу жөнүндө эрте кабарлоо механизми жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун ишке ашыруу максатында профилактикалык иш- чаралардын планы түзүлүп, иштер жүргүзүлүп жатат. Бүгүн Талас мамлекеттик университетинде “Бангизатка көз карандылык: себептери, кесепеттери

Бүгүн Талас мамлекеттик университетинде “Бангизатка көз карандылык: себептери, кесепеттери жана алдын алуу жолу” деген темада семинар- талкуу болуп өттү. Читать далее »

2025-жылдын 26-декабрында Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында «Көгүлтүр от-2026» аттуу жаңы жылдык майрам болуп өттү.

Алгач ТалМУнун ректору Ж. С.Шаршембиев, проректорлор: А.К.Сурапов, К.Т.Жунусалиева, Кесиптик кошундун төрагасы Э.Абдырайымов жалпы кесиптештерди кирип келген жаңы жыл майрамы менен куттукташып, жаңы жылыбыз жакшылытарды алып келген жыл болсун деген каалоолорун билдиришти.Андан соң ТалМУнун өнүгүшүнө ар тараптан колдоо көрсөтүшкөн КР Талас обусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Э. Сейдикеримовага, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн социалдык иштер бөлүмүнүн башчысы

2025-жылдын 26-декабрында Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында «Көгүлтүр от-2026» аттуу жаңы жылдык майрам болуп өттү. Читать далее »

Таластан Таласка: Достуктун маданий көпүрөсү!

Түркиянын Кайсери шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган «Түркиядагы Таластан Кыргызстандагы Таласка» аттуу маанилүү иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучулары: Талас муниципалитети (Talas Belediyesi) «Акмарал» кыргыз маданияты жана өз ара жардамдашуу коому (Akmaral Kırgız Derneği) жана Эржиес университетинин Түрк дүйнөсү музыкалык коомчулугу клубу (Erciyes Üniversitesi Türk Dünyası Müzik Topluluğu Kulübü). Программа абдан мазмундуу жана

Таластан Таласка: Достуктун маданий көпүрөсү! Читать далее »

2025-жылдын 18-декабрында Талас мамлекеттик университетинин жана колледждин студенттери үчүн Ч.Айтматовдун чыгармаларынын текстин билүү боюнча сынак өткөрүлдү.

Уюштуруучулар Талас мамлекеттик университети, КРнын Эл мугалими Бектур Исаков атындагы окуу-тарбия комплекси жана орус тили мугалими Назаркулов Автандил. Сынактын максаты- студенттер арасында китеп окуунун кадып-баркын,маданиятын жогорулатуу,Айтматовдун адабий мурасын жайылтуу жана анын китептерин окууга кызыктыруу болду. Сынак 3 тур менен өттү. 1- турдун жыйынтыгы менен алдынкы упай алган катышуучуларга сертификат, 2- турдан мыкты билгичтигин тастыктап,алдыга суурулуп

2025-жылдын 18-декабрында Талас мамлекеттик университетинин жана колледждин студенттери үчүн Ч.Айтматовдун чыгармаларынын текстин билүү боюнча сынак өткөрүлдү. Читать далее »

2025-жылдын 13–14-декабрь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында “IQ LAND” ассоциациясы тарабынан уюштурулган Эл аралык англис тили боюнча олимпиадага Талас мамлекеттик университетинин алдындагы КРнын эл мугалими Б.Исаков атындагы окуу-тарбия комплексинин окуучулары катышышты.

Иш-чарага Дуйнолук тилдер кафедрасынын окутуучусу Качкынбаева Жаңыл Жолунбековна окуучуларды жетектеп алып барды. Олимпиадада окуучулар мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү: •⁠ ⁠8-класс: Адигинеев Эрбол — 1-орун Идирисов Асим — 2-орун •⁠ ⁠9-класс: Анарбекова Раяна — 2-орун •⁠ ⁠11-класс: Эсенбекова Ханыша — 2-орун Конулов Эмин — 3-орун Бул жетишкендиктер окуучулардын билимин жана мугалимдин үзүрлүү эмгегин дагы бир ирет тастыктады.

2025-жылдын 13–14-декабрь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында “IQ LAND” ассоциациясы тарабынан уюштурулган Эл аралык англис тили боюнча олимпиадага Талас мамлекеттик университетинин алдындагы КРнын эл мугалими Б.Исаков атындагы окуу-тарбия комплексинин окуучулары катышышты. Читать далее »

Бүгүн 17-декабрь “Адамга багытталган санариптик трансформация үчүн билим берүү лидерлеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аттуу эл аралык 3 — билим берүү форумуна ТалМУнун ректору Ж.С.Шаршембиев катышты.

Бүгүн 2025-жылдын 17-декабрында Корея Республикасынын Гуми шаарында SEAMEO мекемеси менен Кенгвун университети биргелешип өткөрүп жаткан “Адамга багытталган санариптик трансформация үчүн билим берүү лидерлеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аттуу эл аралык 3 — билим берүү форумуна ТалМУнун ректору Ж.С.Шаршембиев катышты. Форумдун алкагында Кенгвун университетинин ректору Кеун Парк менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

Бүгүн 17-декабрь “Адамга багытталган санариптик трансформация үчүн билим берүү лидерлеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аттуу эл аралык 3 — билим берүү форумуна ТалМУнун ректору Ж.С.Шаршембиев катышты. Читать далее »

Бүгүн 16-декабрда Талас ОИИБнын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын негизинде “Жаштарды тарбиялоодогу улуттук нарк-насил, руханий адеп-ахлактын негизги багыттары” темасында семинар уюштурулду.

Семинарга Талас мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил, инфраструктураны өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору , ф.и.к, доцент Кундуз Жунусалиева, Мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы ф. и.к, доцент Толкун Айталиева , Гуманитардык-юридикалык институттун директору, т.и.к, доцент Жылдыз Абдиева жана Жаштар саясаты жана коррупцияга каршы бөлүмүнүн башчысы, окутуучу Усеин Эсенаманов катышышты. Семинарды Талас ОИИБдин башчысынын орун басары Азамат

Бүгүн 16-декабрда Талас ОИИБнын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын негизинде “Жаштарды тарбиялоодогу улуттук нарк-насил, руханий адеп-ахлактын негизги багыттары” темасында семинар уюштурулду. Читать далее »

ТалГУ проводит конкурс на “Приобретение ноутбуков для сотрудников университета” и приглашает поставщиков.

ТалГУ проводит конкурс на “Приобретение ноутбуков для сотрудников университета” и приглашает поставщиков к участию в данном конкурсе. Сайт закупок Таласского государственного университета https://zakupki.talsu.kgКонкурсные заявки будут приниматься в зашифрованно-архивированном формате WinRAR или WinZIP по электронной почте talsuzakupki@gmail.com до 14.00 часов 17декабря 2025 года. Пароли от документации закупки будут приниматься по электронной почте talsuzakupki@gmail.com с 14.00 до

ТалГУ проводит конкурс на “Приобретение ноутбуков для сотрудников университета” и приглашает поставщиков. Читать далее »

Прокрутить вверх