«Коррупция жана диний экстремизм — азыркы коомдун коркунучу» аттуу тегерек стол өткөрүлдү
15.12.21. Талас мамлекеттик университетинин технология-экономикалык факультетинде экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Т.Т.Ташманбетовдун уюштуруусу менен «Коррупция жана диний экстремизм — азыркы коомдун коркунучу» аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго атайын чакырылган Талас облусунун юстиция бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эсенжан у. Ринат, Талас шаары жана Талас району боюнча пробация органынын башкы адиси Т.М.Момбеков жана факультеттин деканы […]






